Бишкек, 30-июл. — Sputnik. АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин Тайванга сапары Кытай менен мамилени алда канча татаалдатып коюшу мүмкүн. Мындай пикирин экс-президент Дональд Трамп айтканын РИА Новости жазды.
"Ал абалды ого берет курчутат. Тайвань маселесине Пелосини аралаштыруу көйгөйлөрдү тереңдетип, кошумча акча табуунун гана амалы", — деди экс-президент.
Буга чейин Кытай лидери Си Цзиньпин АКШлык кесиптеши Жозеф Байденге "от менен ойноо кооптуу экенин" эскерткен.
Эске салсак, Пелосинин августта Тайванга барышы мүмкүн экени айтылган. Адегенде Пелоси баштаган америкалык делегациянын Тайванга сапары апрель айына пландалган. Пекиндин нааразычылыгын жарата турган бул сапар АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикеринин 1997-жылдан бери аралга жасаган алгачкы сапары болору айтылган.
Кытай өкмөтү менен арал провинциясынын ортосундагы расмий мамилелер 1949-жылы үзүлгөн. Ага Кытайдын Коммунисттик партиясы менен жарандык согушта жеңилип калган Гоминьдандын аскерлери Тайванга көчүп кетиши себеп болгон. Арал менен материктин ортосундагы бизнес жана бейрасмий байланыштар 1980-жылдардын аягында кайра жанданган. 1990-жылдардын башынан тартып тараптар Пекин ассоциациясы жана Тайбэйдин кысыктар аралык алмашуу фонду сыяктуу бейөкмөт уюмдар аркылуу байланыша баштаган.