БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагында долбоорду ишке ашырууну каалаган бизнесмендерге "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча бардык кагаздарды толтурууга мүмкүндүк берген документ иштелип чыкты. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы Климаттык каржылоо борборунун долбоорлорду даярдоо фондунун адиси Бекнур Маратбеков билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборундагы "Кайра жаралуучу энергия боюнча мыйзам инвестициялык климатты бузабы? Мамлекеттик органдар кырдаал тууралуу" аттуу брифингге катышты.
Анын айтымында, министрлик бизнес-коомчулук менен бир катар жолугушууларды өткөрүп, бардык суроолорду укту. Бул жолугушуулардын жыйынтыгында "Бирдиктүү терезе" боюнча ченем кабыл алынды.
© Sputnik / Асель Сыдыкова
"Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү максатында Суу фондунун жерлерин берүү тартиби жөнгө салынган. Ал "Бирдиктүү терезе" принцибине негизделген. Тапшырылган учурдан тартып документтер Энергетика министрлигинде каралып, техникалык шарттарды берүү мүмкүнчүлүгү боюнча макулдашылат. Андан кийин келечектеги тариф аныкталат", — деди адис.
Бардык документтер "Бирдиктүү терезеде" ийгиликтүү жактырылгандан кийин долбоорду ишке ашыруунун практикалык этабы башталат.
Маселенин төркүнү
Адистер "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" жаңы мыйзам инвесторлорду оолактатат деп эсептейт. Жерди ижарага берүү, электр энергиясын сатып алуу боюнча жоболордо, мамлекеттик органдардын функцияларында жана башка пунктуларда карама-каршылыктар белгиленген. Эксперттер ушул сыяктуу учурлар энергиянын кайра жаралуучу булактарына байланыштуу башка ченемдик-укуктук актыларда да бар экенин белгилешет.