27-июлга карата аба ырайы

27-июлда республиканын Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлөт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Шаршембиде Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +36…+41, Таласта +31…+36, Ысык-Көл өрөөнүндө +29…+34, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +37…+42, Нарын жергесинде +30…+35 градус ысыйт.
Күндүн табы Бишкекте +39…+41, Ош шаарында +40…+42, ал эми Чолпон-Атада +29…+31 градус болот.
Аптаптуу ысык качан кайтат? 30-июлга чейинки аба ырайы