БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Ош шаарындагы жол кырсыктан көз жумган үч адам тең Россиянын жарандары болушкан. Маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тастыктады.
Эске салсак, 26-июлга караган түнү саат 1:30 чамасында Ош шаарында Hyundai Santa Fe үлгүсүндөгү кроссовердин айдоочусу рулду башкара албай калып, көчө боюндагы жарнама илинген түркүктү сүзгөн. Кырсыктан автоунаанын ичиндеги үч адам каза болгону айтылган.
"Алар 47, 40 жана 36 жаштагы эркек адамдар болгон. Бардыгы Россиянын жарандары", — деди Ош ШИИБ.
Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалганы кошумчаланды.