БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Бишкекте 17 көчөнүн бөлүктөрүндө оңдоо иши жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Учурда төмөнкү көчөлөр автоунаалар үчүн жабык:
Карасаев көчөсүнүн Юнусалиевден Кара-Дарыяга чейинки бөлүгү (0,6 чакырым);
Тимур Фрунзе көчөсүнүн Гагаринден Ак-Ордо конушундагы Ахунбаевге чейинки бөлүгү (0,8 чакырым);
Маликов көчөсүнүн Гагаринден Лев Толстойго чейинки бөлүгү (1,1 чакырым);
Интергельпо көчөсүнүн Кең-Суудан Дэн Сяопинге чейинки бөлүгү (0,6 чакырым);
Гидростроитель көчөсүнүн Курманжан даткадан Аулга чейинки бөлүгү,
Эне-Сай конушундагы Аламүдүн дарыясына көпүрө куруу менен (1,1 чакырым)
Жайыл баатыр көчөсүнүн Чортековдон Арча-Бешик конушундагы Алыкуловго чейинки бөлүгү (2,8 чакырым);
Шералиев көчөсүндөгү №18 үйдөн Арча-Бешик конушундагы Северныйга чейин (1 чакырым);
Эр-Тайлак көчөсүнүн Арча-Бешик конушундагы Репинге чейинки бөлүгү (1,9 чакырым);
Кулатов көчөсүнүн Фатьяновдон Байтик баатырга чейинки бөлүгү (0,3 чакырым);
Садыбакасов көчөсүнүн Эр-Тайлактан Арча-Бешик конушундагы Абдрахмановго чейинки бөлүгү (1,7 чакырым);
Чүйдүн Ауэзовдон Учкун конушунун соңуна чейин (2,3 чакырым);
Жантөшев көчөсүнүн Жукеев-Пудовкинден Кара-Дарыяга чейинки бөлүгү (1,7 чакырым);
Кропоткин көчөсүнүн Ахунбаевден Скрябинге чейинки бөлүгү (1 чакырым);
Панфилов көчөсүнүн Медеровдон Ахунбаевге чейинки бөлүгү, Чоң Чүй каналына көпүрө куруу менен (1 чакырым);
Скрябин көчөсүнүн Байтик баатырдан Кара-Дарыяга чейинки бөлүгү (1,6 чакырым);
Орозбеков көчөсүнүн Түгөлбай-Атадан Бөкөнбаевге чейинки бөлүгү (0,2 чакырым);
Матросов көчөсүнүн Карасаевден Медеровго чейинки бөлүгү (0,2 чакырым).
Жакын арада ремонт үчүн жабыла турган көчөлөр:
Суванбердиев көчөсүнүн Жукеев-Пудовкинден Кара-Дарыяга чейинки бөлүгү;
Түгөлбай-Ата көчөсүнүн Ибраимовдон Айтматовго чейинки бөлүгү;
Бектенов көчөсүнүн Койбагаровдон Скрябинге чейинки бөлүгү.