Радио

Мамбетова: кыргызстандык эмгек мигранттарга РФте социалдык кепилдик каралат

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Миграция маселелери боюнча башкармалыгынын жетекчиси Жыпар Мамбетова россиялык компаниялар кыргызстандыктарды социалдык кепилдик караган шарттар менен камсыздоого даяр экендигин айтты.
Sputnik
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Россиянын ири курулуш компаниясынын өкүлдөрү менен жолугуп, эмгек миграциясы багытында кызматташуунун жаңы деңгээлине чыгуу жаатында сүйлөшүүлөр жүрдү. Бул тууралуу Жыпар Мамбетова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, курулуш компаниялары кыргыз жарандарын Москва жана Санкт-Петербург шаарларында ишке орноштуруу үчүн кабыл алууга даяр. Жогорку эмгек акы, социалдык пакет, юридикалык коргоо, турак жай жана тамак-аш менен камсыздоого кепилдик берилет.

"Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Россиянын ири курулуш компаниясынын өкүлдөрү менен жолугуп, эмгек миграциясы багытында кызматташуунун жаңы деңгээлине чыгуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Анда курулуш компаниялары кыргыз жарандарын Москва жана Санкт-Петербург шаарларында ишке орноштуруу үчүн кабыл алууга даярдыгын айтып, жогорку эмгек акы, социалдык пакет, юридикалык жактан коргоо, турак жай жана тамак-аш менен камсыздоого кепилдик берилерин билдиришти. Мындай макулдашуу эмгек миграциясы багытында кызматташуунун жаңы деңгээлине чыгууга өбөлгө түзөт. Бул долбоор жакын арада ишке ашып, каалоочулар иштеп келсе болот", — деди Мамбетова.

Ошондой эле адис министрлик квалификациялуу адистерди жумушка орноштуруу жаатында иш алып барып, учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын кошумчалады.