Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россия ТИМи: Батыштын санкциялары кайра өзүн глобалдык рецессияга кептөөдө

Россия Украинага атайын операциясын баштагандан кийин Батыш санкцияларды киргизе баштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Батыш өлкөлөрүнүн Россияга каршы киргизген бир тараптуу санкциялары айланып келип өздөрүн глобалдык рецессияга кептейт. Бул тууралуу РФ тышкы иштер министринин орун басары Сергей Вершинин Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттары боюнча саясий форумда билдиргенин РИА Новости жазды.
"Ири экономикасы бар Батыш өлкөлөрүнүн пандемия маалындагы макроэкономика, азык-түлүк жана энергетика саясатындагы туура эмес эсептөөлөрүнүн айынан Россия атайын аскердик операциясын баштаганга чейин эле глобалдык сырьё рыногундагы туруктуулугу олку-солку абалга жетип калган. Өнөктөштөрдүн күнөөнү башкага оодара коюп, бир тараптуу санкцияларды киргизүү аракети айланып келип өзүлөрүнө тиет. Жадагалса Эл аралык валюта фонду Батыштын өзү инфляция жана глобалдык рецессияга кептелип жатканын моюндады", — деди Вершинин.
Россия Украинага атайын операциясын баштагандан кийин Батыш өлкөлөрү РФке санкцияларды киргизе баштаган. Тагыраак айтканда, күйүүчү май тармагына чектөө киргизген. Владимир Путин Россияны алсыратуу саясатын Батыштын узак мөөнөттүү стратегиясы деп атады. Анын айтымында, санкциялар дүйнөлүк экономикага олуттуу сокку урат.
ЖМК: Россияны G20 уюмунан чыгаруу Батыштын башына таяк болуп тиет