БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин мусулмандарды Курман айт менен куттуктап, өлкө жашоосунда мусулман коомунун ролун белгиледи. Бул тууралуу Кремлдин маалымат кызматы билдирди.
"Россиядагы мусулман коомчулугу өлкөнүн турмушуна активдүү катышып жатканы кубандырат. Алар кайрымдуулук демилгелерди ишке ашырууга көңүл буруп, өсүп келе жаткан муунга ата-бабалардан калган каада-салт, үрп-адатты урматтоого тарбиялап келишет", — деген Путин.
Президент мусулмандардын орду улуттар аралык тынчтыкты жана ынтымакты сактоодо маанилүү экенин белгилеп, ден соолук, ийгилик, бакыт каалап өткөн.