БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Москванын борбордук мечитине Курман айтка байланыштуу майрамдык намазды окууга 250 миңден ашуун мусулман келди, ал эми Подмосковьеде 150 миң адам катышты. Бул туурасында РИА Новости Россиянын мусулмандар дин башкармалыгынын төрагасынын орун басары Рушан Аббясовго таянуу менен билдирди.
Майрамдык намазды окуу үчүн мечиттин тегерек четиндеги көчөлөр бошотулган.
"Полиция кызматкерлерине, борбор калаанын жана Москва облусунун жергиликтүү бийликтерине, миңдеген ыктыярчыларга чоң жумушту аткарганы үчүн ыраазычылык билдиребиз", — деди Аббясов.
Ошондой эле ал жамааттык намаз окуу мыкты уюштурулгандык менен эч бир жагымсыз окуяларсыз өткөнүн белгилеген.