Жекшембиге карата аба ырайы

10-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Жекшембиде күндүз Чүй, Ош, Ысык-Көл өрөөндөрүнүн тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жамгыр жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүйдө +28...+33, Таласта +26...+31, Ош облусунда +29...+34, Жалал-Абад жергесинде +30...+35, Баткенде +25...+30, Ысык-Көл менен Нарын аймагында +23...+28 градус болору айтылды.
Бул күнү Чолпон-Атада мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +30...+32, Ош калаасында +32...+34, ал эми Чолпон Атада +24...+26 градуска жетет.
Жаан-чачындуу болобу? Июль айына карата аба ырайы