Баалар өсүп, контрабанда көбөйүүдө. УКМК кыргызстандыктарга кайрылды

Атайын кызмат контрабандалык жүк ташыган автоунааларды конфискациялоо мыйзамы күчүнө киргенин эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Дүйнөлүк кризис маалында керектөөчү товарларга баанын өсүшү, кээ бир позициялар боюнча алардын жетишсиздиги байкалууда. Ошол эле учурда мындай товарларды контрабандалык жол менен чыгарып кетүүгө аракет жасагандар көбөйдү. Бул тууралуу УКМК билдирип, элге кайрылуу жасады.
Атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев коңшу өлкөгө ташып кетүүгө жол бербөө жана көзөмөлдү күчөтүү боюнча тапшырмаларды берген.
Ошондой эле жакында кабыл алынган контрабандалык жүк ташыган автоунааларды мамлекеттин эсебине конфискациялоо мыйзамы тууралуу эскертилди.
Мындан улам УКМК жарандарды төмөнкүдөй талаптарды аткарууга чакырат:
өлкөнүн экономикалык жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча компетенттүү органдар тарабынан көрүлүп жаткан чараларга көмөктөшүүгө жана колдоо көрсөтүүгө;
контрабанда менен алектенген жана аны токтотууну каалабаган адамдарга карата колдонуудагы мыйзамдардын чегинде эң катаал чара көрүүгө;
өзгөчө дүйнөлүк азык-түлүк кризисинин убагында мыйзамды сактоого, кылмыш жолуна түшпөөгө жана жеке кызыкчылыктарын улуттук кызыкчылыктардан жогору койбоого.
Ташиев: Баткенден ары 1 кг да азык-түлүк өтпөсүн, чек арага тирүү калкан болгула!