Кедейдин үй-бүлөсүнөн чыккан. Зууракан Кайназарова 1902-жылы 18-июнда Чүй облусунун Сокулук районундагы Белек айылында кедей-кембагалдын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Балалыгы жокчулукта өтүп, кийим-кече, тамак-аштан тартыш өскөн. Жаштыгы колхоздор түзүлүп жаткан мезгилге туш келип, өзү курактуулардай эле айыл чарбасы менен алектенген. 23 жашында Иманаалы Кайназаровго турмушка чыгып, 1929-жылы алгачкылардан болуп колхозго мүчөлүккө өткөн.
Дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүч. Кайназарова кызылча менен 1935-жылдан баштап алектене баштайт. Ал жылы Советтер Союзунун аймагында украиналык Мария Демченко бир гектардан 55 миң килограмм кызылча алды деген кабар тарап көпчүлүктү таң калтырган. Ошол эле маалда чүйлүк келин украиналык аял менен жарышып, ал көрсөткүчтү эки эсеге жогорулатып бир гектар жерден 103 тонна түшүм алып дүйнөлүк рекорд койгон. Өз ишин сүйгөн кызылчачы ошону менен токтоп калбай дайыма изденүүдө болуп түрдүү адабияттарды окуп, башкалардын тажрыйбасын талдап, окумуштуулар менен байма-бай баарлашкан. Кийин Кайназарова ал көрсөткүчтү 125 тоннага чейин жеткирген. Азыр Кыргызстандагы дыйкандар бир гектардан орточо 536 центнер алса, саналуу эле чарбалар 120 тоннага жетет.
© Sputnik / Александр Федоров
35 жашында СССРдин депутаты. СССРдин борбордук бийлиги аны кийинки жылы эле Москвага чакыртып, элеттик келин СССРдин Жогорку Советинин депутаты болгон. Ошентип эртеден кечке чейин талаада эмгектенген Зууракан биринчи жолу темир жолду көрүп, поездге түшөт. Ал Кремлде бир жумадай жүрүп, 34 жашында Ленин орденине татыган. Кайназарова бир гектардан алган 1000-1250 центнер түшүмдүн көлөмүн ондогон жылдар бою сактап, Чүйдүн дагы бир белгилүү кызылчачысы Керимбүбү Шопокова менен ат салышкан.
Баласы, жолдошунан айрылып... СССРдин Жогорку Советинин бир нече чакырылышынын депутаты жаш кезинде турмушка чыгып бир уулдуу болот. Бирок тагдырдын жазмышы менен баласынан жана жолдошунан айрылып калат. Кийин күйөөгө тийбей согуш маалында жетим калган кыргыз, орус улутундагы жети уул-кызды асырап алып өстүргөн.
Мамлекет башындагылар менен мамилеси. Кыргызстандын айыл чарбасын дүйнөгө тааныткан аялдын ой-чабыты кенен болуп, бардыгы менен тил табыша билген. Талаада иштегенине карабай мамлекеттик ишмер Болот Мамбетов, Төрөбай Кулатов, Абды Сүйөркулов, Күлүйпа Кондучалова менен алака түзүп, белгилүү жазуучу, композиторлор арасында да санаалаштары арбын болгону айтылат. Ошондой эле карапайым эл арасында да жакшы кадыр-барк топтоп, уюштуруучулук жөндөмү күчтүү болгон дешет.
Акын-жазуучулар чыгармаларын арнаган. Кызылчачы кайсы убакта жерге кык чачып, талааны канча тереңдикте айдатып, кайсы убакта, кантип туура сугаруу керек экендигин беш колундай билген. Андан сырткары, колу бошой калса кийиз жасап, шырдак шырып, сайма сайган уз болгонун айылдаштары эскерет. Кыргыз ССРинин депутаты өзүнүн эмгекчилдигинин аркасында бир топ жогорку сыйлыктарга татыган. Ал эки жолу СССРдин Социалисттик эмгектин баатыры болуп, үч ирет Ленин, бир жолу Эмгек Кызыл Туу орденин алган. Ал эми чыгармачыл инсандар ага арнап ыр чыгарып, поэма жазып, сүрөттөрдү тартып Кайназарованын эмгегин даңкташкан.
© Фото / КНМИИ имени Гапара Айтиева
Талаага байланган өмүр. Зууракан Кайназарова 40 жылдай өмүрүн кызылчага арнап, бир топ шакирттерди тарбиялаган. Союз маалында айыл чарба тармагында чогуу иштешип калган Жамин Акималиев анын күнү-түнү талаалап иштеп, көпчүлүк үчүн үлгү болгондугун эскерет. Эмгекчилдиктин үлгүсү болгон Кайназарова 1982-жылы 4-июнда 80 жашында көз жумган. Ал эми 2015-жылдан бери анын туулган күнү Кыргызстанда "Элеттик аялдардын күнү" катары белгиленип келет. Азыр Зууракан Кайназарованын ысымын Сокулук районундагы бир айыл, Бишкек шаарындагы бир көчө алып жүрөт.
Тема боюнча: