БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Өлкөдө күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачындан улам айрым жерлерде сел жүрүшү ыктымал. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, күндүн көзү 16-июнда бузулуп, 19-июнга чейин өлкө аймактарында жамгыр жаайт.
Мындан улам дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү, тоолуу жерлерде сел жүрүшү ыктымал.
ӨКМ жарандарды сел каптоону алдын алууга чакырып, сел агуучу каналдарды жана арыктарды тазалоо иштерин улантуу керектигин эскертти.