Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

БУУ эки күндөн бери тынбай аткыланып жаткан Донецк боюнча үн катты

Донецк украин аскерлери тараптан дүйшөмбүдөн тарта аткыланып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. БУУ баш катчысынын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик эки күндөн бери украин армиясы тарабынан аткыланып жаткан Донецкидеги абалды “өтө чыңалып турат” деп баалады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Эскерте кетсек, Донецк дүйшөмбүдөн тарта аткыланып жатат. Мындай тынымсыз ок оту 2015-жылдан бери боло электиги айтылууда.
“Донецкидеги абал өтө чыңалып турат. Өткөн жумадан бери согуштук аракеттердин күчөшү ири зыян алып келди”, — деди Дюжжарик брифингде.
Анын айтымында, БУУ гуманитардык өнөктөштөрү менен биргеликте чырдашкан тараптар менен иштешип, эл аралык укукту сактоого жана жарандарды коргоп, инфраструктуралык объектилерди коргоого чакырууда.
Белгилей кетсек, тынымсыз аткылоодон улам ДЭР башчысы Денис Пушилин Россиядан “кошумча күч” сураганын расмий билдирген. Донецкинин мэри Алексей Кулемзин украин жоокерлеринин аткылоосун чыр уланып келе жаткан сегиз жыл ичиндеги эң катаал учурлардын бири деп атаган.
ДЭРдин акыйкатчысы Дарья Морозова шейшемби күнү Батыш дагы бир ирет кайдыгерлигин көрсөтүп, Донецкини аткылоого болгон реакциясын кош стандарттын көрсөткүчү деп атаган. Ал эми РФ президентинин эл аралык иштер боюнча жардамчысы Юрий Ушаков Батыштын реакция кылбай жатышы таң калычтуу болгонун айтты. Ал батыш коомчулугунан бул кырдаал боюнча бир гана БУУнун өкүлү тарабынан гана түшүнүксүз комментарий болгонун белгилеген. Россиянын БУУдагы өкүлү Дмитрий Полянский да украин аскерлери Донецкидеги төрөт үйүнүн аткыланышына Батыштын ЖМКлары дагы реакция кылбаганына нааразычылыгын билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
БУУ баш катчысынын расмий өкүлү Донецкидеги төрөт үйүн аткылоону сындады