Кол топтоо. Ошентип Ногойдон калган кызыл тууну кылкылдатып турган элге дагы эл кошулуп, журтка дагы журт кошулуп, Манастын тегерегине туш-туштан кор болуп, ыза көргөндөр, элинин тагдырын ойлогондор агылып келип жатты. Эң алдын Кошой баатырдын кайнатасы жол басып, жол басканда мол басып Мунаркан келди. Өзү эле келбей кара таандай жайнаган 60 миң колу менен келди, же бул колго ичер суу түтсөчү, же бир жегенге эт түтсөчү. Кан Жакыптын көп жылкысы четтен союлуп жатты. Анын колу жайланганча Каракыш деген калаадан Каркап деген эр келди, 40 миң колун ала келди, кең Алтайды каптатып сел кылып. Ар бири жети миңден кол жыйып Бегиш менен Көйүш деген бектер келди, саламдарын бек айтып, жерди оё басып, душманды азыр эле талкалап кирчүдөй таамай аткан мергендерин алдыга салып, найзакерлерин алардын артына коюп. Кайната деген – кайната, күйөө баласы кол курап атса келбей кантип бут сунуп жатсын, Дагалактан Кайып даң кызы кеткен кыргызга жүз миң аскери менен келип кошулду. Төлгө ачкан Төлөгү бар кырк миңи менен Кыраан эр келди. Алтайдын ары талаасы аскерге толуп "Ак асаба, кызыл туу, айгайлаган ызы-чуу, көк асаба, кызыл туу көк жаңырган улуу чуу" болуп жатып калды. Жатып калчу беле, урушка камынды, уйгурдан келген 24 миң черүүгө Кайып баш болду. Казактан келген алты жүз миң черүүнү Айдаркан ээрчитти. Ошентип "Желеги туудан бөлүнбөй, жердин жүзү көрүнбөй, асаба туудан бөлүнбөй, Алтайдын бою көрүнбөй, найзанын учу жылтылдап, адамдын башы кылкылдап, жер союлуп былкылдап, желеги алтын туу болду, жер жарылган чуу болду".
Мынча колду не кылат? Жоого барарда келгендин баарын эле урушка сала бербеш салты бар Манастын. Аскер ылгоону Эгебай дегенге тапшырды. Катарга тизип бир-бирден карап чыкты Эгебай, калтырыш керек көбүн, өткөрбөш керек ченебей. Кебе курсак чалдарды, кейпи жаман балдарды, жарасы бар майыптарды, кулагы эшитпес мулуктарды, көзү жакшы көрбөгөн кароолорду бир жакка бөлдү. Буту майып чолокторду, ишке жарабас нолокторду, көксөө болгон карыларды калтырды. Зайыбыңарды баккыла деп дагы кыйласын албады. Ошентип ылгап-тандап отуруп, эки жүз миң адамды жоого барбашка чыгарды. Колду азайтып, урушка ыктууларды, согушка эптүүлөрдү гана алалы дешти. Анан калганы да эптүү эмес, алты жүз миң кол болду. Барар жагы Нааманды көздөй жол болду. Колдун көбүнөн аларды жердин бети майышып араң-араң көтөрүп тургансыйт...
Текес кан жана анын Куяс аяры. Манастын көп кол менен келе жатканы Үч-Турпан, Жылдыз жактагы элдин баарын үркүттү. Ал тараптагылар чогулуп Текес кандын алдына барат. Култаң дегени Текестин бутун кучактап "Камынбасаң курудуң, кабарга келип турумун" деп Кер-Көлдөгү Оргого айт, ага айт, буга айт деп кыйла элбашынын атын санайт, "Манасты айтып майышып, Кошойду айтып кайышып" көздөн жашын агызат. Манастан корккон Текес кан атканын жазбас мергенин, айтканын жазбас беренин, ашыкпай турган эренин чакырат. Алардын алтымышын алып Манастын жолун тосуп Эчки-Өлбөс деген улуу тоодо жаткыла, жоо келе жатса, дароо бизге айткыла деп дайындайт. Түн ортосу болгондо Куяс аярды айла тап деп алып келишет. Аяры болсо сен ушул төрт буруттан коркосуңбу, Алтайды жерлеген алтымыш уруу бурутту, чындап кудай уруптур, сизге жем болгону туруптур деп күлкүгө алат. Ажал айдап, кан тартып келген Манаска каршы болор "Баш жакта Каспан, Каканчын, Күн батышта жатпайбы Күлдү тыргоот, Акбешим" деп, дубасын окуп, камыш менен чийдин, куурай менен чөптүн, карагай менен кайыңдын баарын аскер кылып таштады. Суунун үстүн өрт кылды. Ашууларды көк жалама муз кылды. Черүүсүн санаксыз көп кылды. "Ар бир чынар теректер адам эмес, дөө болду". Таң атарда булардын баарын Текес канга көрсөттү. Тургандар кандай аскер деп Шүңгүр деген баатыры тап берди эле аларга, өзүнүн жаны кыйылды. Муну көрүп Текес кан Куясты мактап сүйүндү. Куясым барда неден корком деп шерденди, коркконун заматта унутту, өлүшүн да унутту. Култаң айткан боюнча Илеби менен Оргого, Акунбешим паашага жардам сурап кишини ортого салбады. "Буруттар келсе, көрөрбүз, Манастын өлүгүн эми көмөрбүз" деп сүйүнүп төрт күн жатты дүйнөсү түгөл болуп...
Текес кандын жерине келгенде. Ал аңгыча алты жүз миң кол менен Бай Жакыптын кызыл туусун көтөрүп Манастын колу жакын келет. Кол башчысы Камбардын уулу Айдаркан. Текес кандын жолундагы кылкылдаган көп колду көрүп баарынын эси эңгиреп, башы кеңгиреп калды. Буларга ким кабар берди? Дүйнөнүн бүт аскерин кайдан жыйып келди бул калмактын Текес каны? Аскердик кеңеш топтолду. Башчысы – Айдаркан. Мүчөлөрү: Күлдүрдүн уулу Чалыбай, күлдүргүчү Абдылда, кыргыздан чыккан Кутубий, кыпчактардын Таз чечен, кымтырылган Үрбү, аргын Каракожо, каратоко Мажиги, кайраты ашык Чалиги. Булар анан акылы айран болуп кабылан Манас баатырга келди. Келди да Айдаркан Терс-Маёонун боюнда, Темирдиктин оюнда аяк-башы күнчүлүк аскер басып калганын айтат, алардын колунун алдында биздин алты жүз миң аскерибиз төрт кишидей эле көрүнөт дейт. Буларга катылбай кайра тарталы дешет көпчүлүгү. Ошентип айтканда Манас ачуусу менен айбаттанып "Катындын кылар иши го, катылбай кантип кайтасың, улуктар кандай айтасың, ургаачы кылар иши го, урушпай кантип кайтасың" деп, жазуудан артык жан өлбөшүн, такта жатып кан өлбөшүн ибараттайт. Аккула атын алкынтып айкырып турганда Манаска ким акарат айтмак эле?..
Бакайдын баамы. Отуз жашка кирген Бакай баатыр Манаска карап "Кароолдоп мен бир барайын, көрүнүп коюп капырга, качкан болуп калайын, кууган болсо мени деп, мен карайын сени деп, тосуп уруш саларсың" деген бойдон алмабаш мылтыгын асынып, саадагын белге байланып Моюлду деген белге карай бастырат. Жүрүп-жүрүп Бакай көп аскерге жакындайт. Кууганын дароо саям деп Манас найзасын алга сунуп белендейт. Бакай акырын жүрүп аярлай кыймылсыз турган аскерлерге жарым бутага чейин жакындайт. Аларга найза сунса, жабыла баары Бакайды карай найза сунат. Аларды карап бакырса, алар кошо айкырат. Бирин атып көрөйүн деп мылтык сунса, жаамысы мылтык кезейт. Буларга бир нерсе сүйлөйүн деп сүйлөсө, баары бирдей сүйлөшөт, унчукпаса түгөлү менен унчукпайт. Мунун сырын Бакай түшүнбөйт. Эзели мындай көрбөгөн. Көрмөк түгүл укпаган. Акыры Бакай ойлонуп-ойлонуп отуруп бул иш амал окшойт дейт да, өз табылгасына өзү арсаң-арсаң күлдү. Ал күлсө, аскерлер да арсаң-арсаң күлдү. Бирине да катылбай артка кайтып барып Манаска бул амал экенин айтат. Акылман аярларга барып масилет салалы дейт. Алардын кеңеши менен баягылар турган жерлерге аябай дарысын куюп, оолакка чыгып от коюшат, ошондо "Дүнүйө жүзү солк деди, аалым күндү жайлады, кара шамал дубасын кара ташка байлады, капырдын шору кайнады, жалын күйдү дүркүрөп, шамал тийди күркүрөп, камыш, чийи, куурайы" өрт ичинде калды шөмтүрөп...
Манастын Текес кандын элине кайрылышы. Кыргыз-казактын колунун арбындыгын көргөн Текес кан жаалы чыгып, амалы ишке ашпай калган аяры Куяны жара тартып салат да, кутуларга жер, ажыратарга эл калбай турганын түшүнгөн соң өзүнө өзү бычак саят. Басып киргендер калмактардын дүйнөсүн талап жатканда Манас аларга кайрылып, "кылыч чаппай, ок атпай" буларды жеңип алдык, эми жырык ийнесин да албагыла деп аскеринин четин жапырат. Калмактарды ойдон-тоодон жыйнатат, Текес кандын элин түгөлдөйт. Кыргыз-казак жигиттер "Каран калган дүйнөгө каалабасак кээ кылат, канкор Манас түгөнгүр калмакты аяп не кылат, үйүрү өскөн айгырлар кысырагын бээ кылат, кызыталак куу канкор кытайды аяп не кылат" деп күңкүү сөзүн айтышып тим болот. Качып кеткен калмактар жерине кайтып келе баштайт. Тыргоот, калмак элинен эки жүз миң он алты эли келет. Эми өзүңөрдөн өзүңөр кан шайлагыла, Текес улугуңар өзүн өзү сайып өлдү дейт. Калмактар аны айтып, муну айтып "канга ылайык ким дешип, кары-жашың бил дешип" ортого салат. Үйшүмбай дегени бар экен, ую, төөсү, жылкысы үч жүз миңче мал экен, бир өзүнө караган үч миң үйчө жан экен, аны айтышты кан бол деп". Бирок анысы көнбөдү, болбой моюн толгоду. Дардак дегенге айтты, Далай балбан дегенге айтты. Төрт миң уйлуу Төкө дегенди айтат. Ал да качат. Анан сексенге жашы келген Карача деген чалга токтолот. Ошол кезде, абышка же ары эмес, же бери эмес, ойго батып турганда "эт чыбыктай ийилген, эркекче кийим кийинген, акак тиштүү, кыйгач каш, жазык маңдай, түймө баш, ак-кызылы бөлүнгөн, айнектей көзү көрүнгөн, нурдуу кызыл бети бар, ууздан аппак эти бар, короз моюн, кобул кол", "жуткан кызыл кымызы тамагынан көрүнгөн" бирөө келип, атасы Карачанын кан болушуна каршы чыгат. Аны Кыз Сайкал дешет экен. Ошондо көпчүлүк бул дөөлөттө Темир деген кан болгонун, анын алты уулу бар экенин, улуусу Текес, кенжеси Тейиш экенин айтат. Бул күндөрдө Тейиши акылы жетик болуп толуп, жашы он сегизге келген кези экен. Ошону кан кылабыз дешет көпчүлүк.