БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Кыргызстан менен Мьянманын футбол боюнча курама командаларынын беттеши 2:0 эсебинде кыргызстандыктардын пайдасына аяктады.
Ушул күндөрү Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Азия кубогунун тандоо этабындагы F тобунун оюндары өтүп жатат.
Биринчи тайм дагы кыргыз футболчуларынын пайдасына жыйынтыкталган. Оюндун 35 жана 45-мүнөттөрүндө чабуулчу Виктор Майер эки гол киргизди.
Экинчи турдун 75 мүнөтүндө коргоочу Валерий Кичин гол киргизип, бирок аны калыс жараксыз деп тапты.
Баса, бул жолку оюнга дагы күйөрман катары өлкө президенти Садыр Жапаров келди. Бирок бул ирет жалгыз эмес, биринчи айым Айгүл Жапарованын коштоп келгенин көрүүгө болот.
Улуттук курама команданын кийинки беттеши 14-июнда Тажикстан менен болмокчу.