Мадумаров: азыр башкы прокурор өзүнүн укугун өзү коргой албай калды

Депутат мыйзамдуулук, тартип жок деген пикирин дагы бир ирет кайталады.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөгөн башкы прокурор өзүнүн укугун өзү коргой албай калды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров билдирди.
Депутат акыйкатчынын маалыматына таянып жыл сайын адам укугунун бузулган учурлары көбөйгөндөн көбөйүп баратканын белгиледи.
"Биз азыр Башкы прокуратурага кайрылып жатабыз, алар өзүнүн укугун коргой албай жатат. Башкы прокурор өз укугуна өзү ээ боло албай калды. Аны көрүп жатпайбызбы. "Мыйзамдуулук, тартип жок" деген сөзүм ушундан. Баш прокурорго карата кандай аракеттер жасалууда, бирок Башкы прокуратура унчукпай отурат", — деди Мадумаров.
Ошондой эле ал Конституция боюнча президент башкы прокурорду кызматтан четтете албайт деп айтылып жаткан кепке жооп беришин сурады.
Башкы прокурордун орун басары Турусбек Ишеналиев чыккан чечимге комментарий берүүгө укугу жоктугун айтып, жооп берүүдөн баш тартты.
Жөн отуруңуз! Депутат Айбек Осмонов Эдил Байсаловду зекиди. Видео