Кыргыз унутпай турган кымбат кызматы бар. Адабияттын алпы Түгөлбай Сыдыкбеков

Түгөлбай Сыдыкбеков — кыргыз маданиятындагы залкар инсан, улуттук адабиятта эң көп романдарды жазган автор, жаштардын чыгармачылыгын ар дайым колдоп келген улуу устат.
Sputnik
Быйыл Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгын өлкө зор салтанат менен белгилейт. Кыргыз-казактын баары Түкө деп кадырлап, Кыргызстан өз алдынча мамлекет болгондо туңгуч ажонун башына ак калпак кийгизип, "Манастагы" Бакайдай милдет аткарган.
Биз бүгүн элдик тилдин билерманы, улуттук адабияттын патриархы, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын Баатыры, академик Түгөлбай Сыдыкбеков тууралуу 25 факт сунуш кылабыз.
Туулган мезгили. Жазуучу 1933-жылы, Фрунзеде иштеп жүргөндө, паспорт аларда жазган сурамжылоо баракчасында 1911-жылы төрөлгөнүн белгилеген экен. Айылга барып энесинен жана улуу кишилерден сураса, чычкан жылында, чоң жер титирөөдөн бир жылдай өтүп, экинчи жылдын жаздагы көй төлдөөсү бүткөндө жарык дүйнөгө келгенин айтышат. Кат тааныган Сурабай деген киши зилзала 1910-жылы болгонун, анын туулган кези 1912-жылдын 15-апрелинен 15-майынын аралыгы болушу мүмкүндүгүн болжолдойт. Ошондо отуз барча кагаз алып, отуз күндү жазып, кайнатасынын топусуна салып, аралаштырып, кызы Динарадан бирөөнү сууруп чыгуусун өтүнөт. Динара 14-майды сууруп чыгат. Ошентип 1951-жылы февралда 39 жашында туулган күнүн ушинтип аныктап алган. Ошондон бери Түгөлбай Сыдыкбековдун жарык дүйнөгө келген расмий датасы — 1912-жылдын 14-майы.
Туулган жери жана ата-теги. Түгөлбай Сыдыкбеков Ысык-Көл өрөөнүндөгү азыркы Түп районуна караган айтылуу Каркыра жайлоосуна өтө берердеги Кең-Суу айылында төрөлгөн. Айылы карагайлуу төштөрдүн алдында, көлгө шашып аккан Түп суусунун танаптарында жайгашып, көл жактан ары жайлоолорго, ал гана эмес казакка, кытайга өткөн жолоочулар да бир байырлап кетчү. Ой-Четиндинин башындагы Коро-Карагай, көк мөлтүр суулуу Көл-Төр, кайнар булактар, не бир өсүмдүктөр менен жапайы жаныбарлар бул жерлерге керемет кооздукту тартуулачу. Болочок жазуучунун энеси Айымкан 17 бала төрөп, бирок алардын ичинен жети уул, төрт кызы чечек деген дарттан жан таслим болот. Ошондой кайгылуу, азалуу күндөрдө жарык дүйнөгө келген баланы ырымдап тиги кеткендердин ордун түгөлдөп толтурсун деп Түгөлбай деген ат коюшуп, элде болгон ырымдын баарын колдонуп, оору көрбөсүн деп элдик ишеним менен тыйымдардын укканын түгөл аткарышат.
Апасы жан алгычтын колунан алып калат. Айымкан апа түш көрөт. Түшүндө Түптүн кызыл токою сыяктуу бир жерде эки-үчтөгү Түгөлбайды атына өңөрүп келе жатса, кайдан-жайдан эле капкара кишилер чыга калып баланы талашат, энеси бербейт, "жети уулумду, беш кызымды алып тойбодуңарбы, жалаңкычтар" деп алар менен урушат, акыры алар "балаңды бербесең анда байыңды алабыз" дешет да, алдыга чаап кетишет. Чын эле түш туура келип, Түгөлбай үч жашка толгондо сүткө күйүп, күйүк оор болсо да, өзүнчө бешикке бөлөп жатып аман алып калышат да, атасы келте менен ооруп тез эле каза болуп калат. Акыл-эсин токтото элек кезинде Түгөлбай, апасы ырым кылып Карачунак деп ат коюп алган эрке баласы, "мен он үч кишинин ордуна келгем" деп айтчу экен.
Белгилүү жазуучулар Жусуп Турусбеков, Түгөлбай Сыдыкбеков жана Мукай Элебаев
Балалыгы. Апасы Айымкан тың аял-эне гана эмес, жамакчы да болгон экен, айылынан куулуп, Чоң-Ташка башпааналап келишкенде жамактап отуруп жер алганы айтылат. 1916-жылдагы Үркүндө Айымкан да балдарын ээрчитип, Текеске барып жан сактайт, эл кайра кайтканда булар туулган жерине жете албай, казактар арасында туруп калып, Кең-Суусуна 1918-жылы гана кайтып келет. Эс-акылы кирип калган бала Василий Коровин деген анча-мынча колунда бар адамга жалчылыкка жүрөт. 1919-жылдын аягында энеси айылдык Түнкатар деген молдого диний окууга берет. Үч ай боз тон кийген, боз үйдө турган кыргыз молдо "Аптиек" менен "Курандан" жаттатат. Бирок арабча эжелеп гана окуйт. Аңгыча айылда советтик мектеп ачылып, ага кирет да, Карамолдо жана Сарымолдо деген кызыл маалимдерден билим алат, сабатын ачат, тизилип марш басат, шыгыр (хор) ырдайт. Байдын төө кепесин жаап, эки бөлмөнү үшкөл дешип, бир эле сыныпта 8дегиси да, 15тегиси да кошулуп окуй берген. Баягы айылдашы Коровин Караколго көчүп кеткен эле, 1921-жылы кеч күздө айылдан үч баланы иштеткени алып кетет. Анын бири Түгөлбай чорке майдалайт, самоор коёт, Боря деген баласын көтөрөт. Кожоюну жакшы киши экен, балага эш болот, аны аш үйүндө жаткырат. Ошол жерде жүрүп А.П.Чехов атындагы биринчи баскыч мектепке киргизет. Бул 1925-жыл, мектеп орус тилинде болчу. Ал жерден А.С.Пушкин, Н.В.Гоголь, И.С.Тургенев сыяктуу жазуучулардын чыгармалары менен таанышат. Ошол кезде жалаң окуу менен жан багуу Түгөлбай сыяктуу балдар үчүн кыйын болуп, кимдир бирөөлөрдүн кызматын кылышы керек эле. Мындан улам Караколдогу Н.К.Крупская атындагы мектепке, көп өтпөй В.И.Ленин атындагы жети жылдык мектепке которулууга туура келет. Ал кезде Караколдо орусча китептери көп китепкана болуп, ага казак, татар, өзбек тилиндеги гезит-журналдар, китептер да келип турчу экен. Казак, татар, өзбек адабияты менен жакшы таанышат. Өзүнүн минтип айтканы бар: Бир күнү Пушкиндин китебин окуп отурса, классташты Молдокасым: "Ушундай орус тилиндеги чоң китепке да сенин тилиң өтчү беле", - деп мыскылдайт. Буга намыстанып Түгөлбай: "Мындай китепти өзүм да жазам", - деп, ошондон улам "Капкакбай" деген поэма-жомогун мелдеше кетип жазып таштайт, "сөз ылгап, ырдын кооздугун, көркөмдүк касиеттерин териштириш кайда. Туш келди "соктура" берип, беш-алты күндүн ичинде эки дептерди жомокко толтурдум", - дейт ал бул чыгармасынын жазылышы тууралуу. Мына ошентип ал акырындап адабий шыгын ойготот.
Жазган дил баяны 40 жылдан кийин колуна тийип... Кеңеш Жусупов тууралуу 13 факты
Студенттик жылдары жана эмгек жолу. 1928-1931-жылдары Фрунзедеги айыл чарба техникумунда окуп, ал жерден жакшы баага арзып, ошол эле адистиги боюнча Ашхабаддагы Орто Азия зооветеринардык институтуна окуусун улантмак болот, бирок Түркмөнстандын аба ырайы, климаттык шарты өпкөсүнөн кагынып, оорукчан болуп калган жаш жигитке азап берип, окуусун таштоого мажбур болот. Ошону менен анын студенттик жылдары бүтөт да, өмүрүн чыгармачылыкка арнайт. 1930-жылдын 31-декабрынан 1936-жылга чейин "Ленинчил жаш" гезитинде бөлүм башчы, 1937-жылдан 1947-жылга дейре Кыргыз ССР жазуучулар союзунда адабий кеңешчи, 1949-жылдан 1951-жылга чейин Кыргыз мамлекеттик басмасында редактор болуп иштейт.
Адегенде акын катары ыр жазган. 16 жашында "Капкакбай" деген жомок-дастан жазган, бул алгачкы чыгармасы катары эсептелет. 1930-жылы "Ленинчил жаш" гезитинин 1-майдагы майрамдык санына "Булар кимдер" деген ыры эч оңдоосуз басылган. Ошол ырдын убайыбы, эбепке себеп болуп, окуусун таштап келген жигит ошол эле жылы жогорудагы "Ленинчил жаш" гезитине жумушка алынат. Эми анын тагдырына жазуучулар, журналисттер аралашат. Гезиттин жаңы сандарына үгүт-насаат мүнөзүндөгү ырлары биринин артынан бири басылат. 1932-жылы "Чабуул" (кийинки "Ала-Тоо") журналына элдик оозеки чыгарманы кайра иштеп чыккан "Чал комузу" деген поэмасы жарыяланат. Жаш акындын биринчи ырлар топтому "Күрөш" деген ат менен 1933-жылы чыккан. 1936-жылы "Баатырлар" деген ат менен ырлар жана поэмалар китеби жарык көрөт, 1938-жылы "Акын – булбул" деген үчүнчү ырлар жыйнагы басылды. Жогорудагы үч жыйнак акын катары аны таанытып, адабиятка астейдил аралаштырганы менен көпчүлүктөн бөлүп көрсөтпөдү, чыгармачылык жүзүн ачып берген жок. Бирок өз доорунун дурус жарчысы боло алды, анткени ал жаңы турмушту мактап, бай-манапты жамандап жазды.
Чингиз Айтматов
Айылын ааламга тааныткан. Канткен менен Түгөлбай Сыдыкбековду ошол кездеги аз гана бөлүгү сабаттуу болгон өз элине "Кең-Суу" романы таанытты. Бул кыргыз адабиятындагы алгачкы романдардын бири болуу менен анда реалисттик, ошол кездин заманбап окуялары, тап күрөшү таамай сүрөттөлгөндүгү менен айырмаланган. Роман 1933-жылдын жазында башталган, кургак учук санаторийи болгон Ысык-Көлдөгү Койсарыда, 42-палатада кыйла бөлүгү, айылда чемоданды тизеге коюп бир тобу, Фрунзедеги кургак учук ооруканасында палатадагы тумбочканын үстүнө дагы кыйласы жазылган, ошол кезде өзү жашап жүргөн Мукай Элебаевдин ашканасы бошой калганда ал жерде жазган. 1935-жылы эки китеби жазылып бүткөн. "Кең-Суу" романынын биринчи китеби 1937-жылы Самаркандан, экинчи китеби 1938-жылы Казандан басылган. Кең-Суу – жазуучунун туулган айылы, демек, жазуучу бир айыл аркылуу жалпы кыргыз жерине Кеңеш бийлигинин келишин, ал саясий зор окуянын оош-кыйыш жактарын көркөм сүрөттөөгө алган. Каармандарынын бир тобунун образын жаратууда өзү жакшы билген айылдаштарынын бейнесине таянган. Сапарбай, Самтыр сыяктуу образдардын катарында Соке абышканын образы терең иштелген, чыгарма жалаң гана колхоз курулушун эмес, кыргыз адамынын мүнөзүн ачып берүү жагынан да ийгиликке жетишкен. Бирок ал 1938-жылдын акыры жагында талкууланып, катуу сындалган, бир жыйынтыкка келбей, улам талкуулар кийинкиге жылдырыла берген, ошону үчүн 2-китебин өрттөп жиберишкен. "Кең-Сууга" улай эле, "Ач көз ата", "Түн жарчысынан кабар" деген поэма-жомокторун, "Ачылган гүл" драмасын жазат. "Кең-Суунун" уландысы катары "Алыста" (кийинки "Биздин замандын кишилери") аттуу романга киришип, бирок согуш чыгып кеткенде аны токтотуп салган.
"Кең-Суунун" жазылыш тарыхы, жоголгон кол жазма. Бул тууралуу автор адабиятчы Камбаралы Бобуловдун суроолоруна берген жообунда мындай дейт: "Кең-Сууну" жазууга мага баарынан мурда Ымакемдин өзү түрткү болду. Ыманбайды да, Сапарбайды да, Бердибайды да, Сокени да, Калпакбайүптү да, айтор, романдагы кейипкерлерди мен жаш кезимен эле өз айылымдан көрүп жүрчүмүн. Ал тургай кейипкерлердин көбү өз аттары менен аталат. Аттары мындай турсун, Соке абышканын өзү аталашыбыз Сооданбак деген кишиге окшойт. Анын кашаң торусу Сооданбектин кашаң торусу. Ыманбайдын өз аты да, кейип-кешпири да, кыялы да, Бүбүсү да, Айсараласы да, ал тургай эшигинин алдына үйүп койгон сербейген куурайы, жапма челек бозосуна дейре өзү. Мен романды жазып жатканда күүлөнгөн Ымакемдин бөрсөйгөн курсагы көз алдыма көрүнүп туручу. Арийне, ошентсе да алар жалпылашкан каармандар. Ымакемдин элчиликке барышы, чегедек менен бир салганда тырп жыгылышы тирүү Ыманбайдын башынан өткөн эмес. Ошондуктан кийин китеп чыкканда: "Чегедек менен бир салганда эле мен качан жыгылып калчу элем? Сен мени чымындан алсыз кылып шылдыңдаганың үчүн үстүңдөн арызданып сазайыңды окутайын дедим эле. Балам болбой койду" деп Ымакем мага таарынычын да айтты. Ымакемдин дал ушул таарынычынын өзү эле мага кымбат". Кийин сталиндик репрессия күчөп киргенде бир тууганы Түмөнбай камалып, ошол кезде романдын кол жазмасы да жоголуп кеткен.
"Тоо арасында" - кыргыз адабиятындагы гана эмес, жалпы совет адабиятындагы эң көлөмдүү китептердин бири катары эсептелген бул роман көп жылдар бою мектептерде окутулуп келди
"Темир" романын Россияда жаза баштаган. "Кең-Суудан" багы ачылбай турган кезде 1938-жылы 31-декабрь күнү жолго чыгат. Аны темир жол вокзалынан бир гана Алыкул Осмонов узатат. Москвага, СССР жазуучулар союзуна барып, эптеп Малеевкадагы адабиятчылар үйүнө жолдонмо алып, аябаган суукта бөлүнгөн бөлмөсүнө кирип, Фрунзедеги талкууларды башынан ыргытып салып, жаңы романды жазууну ошол эле күнү баштайт. Ал "Темир" романы эле. Ошол эс алуу үйүндө акыркы главадан башкасын бүт жазып салат да, Фрунзеге келгенде бүтүрүп, экинчи романы катары эсептелип жүрөт.
Согуш жылдарында. 1941-жылы Улуу Ата мекендик согуш башталганда бир топ жазуучулар майданга аттанды. Түгөлбай Сыдыкбеков өпкө оорусуна байланыштуу аскерге чакырылган жок. Согуш мезгили чоң романдарды эмес, тез бүтүүчү, үгүтчүлүк мүнөздөгү очерк, аңгемелерди жазууну жана аларды дароо эле бастырып элге жеткирип, элдин мекенчилдик рухун көтөрүүнү талап кылды. Дал ушундай багытта жазылган "Пайдага чечилген чатак", "Тарбия", "Замбирекчилер", "Күтүү", "Кайрат", "Эл оозунда" деген аңгеме, очерктеринен мезгилдин демин сезүүгө болот. 1943-жылы жарык көргөн "Согуш күндөрүндө" деген китеби жазуучунун фашизмге каршы күрөшү калем менен ишке ашып жаткандыгын айгинеледи. 1943-жылы "Биздин замандын кишилери" романы жазыла баштаган. бул чыгарма Сталин атындагы СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болуп, улуттук адабиятыбызда мурда болуп көрбөгөн улуу жеңишти алып келди. Роман көп чет тилдерине которулду, жазуучунун да аброю өстү.
Элди агартууга салым кошуп, 33 жашында атылган Сатыбалды Нааматов тууралуу 9 факты
Кыргыз прозасындагы балдар үчүн жазылган жалгыз роман. Андан кийинки барандуу чыгармасы "Тоо балдары" (1953). "Тоо балдары" – кыргыз балдар адабиятындагы жалгыз роман. Анда согуштан кийинки кыргыз айлындагы турмуш, балдарды окутуу-тарбиялоо, бала менен эне-атанын, үй-бүлө менен мугалимдин, эски менен жаңынын ортосундагы байланыштар, карама-каршылыктар кеңири сүрөттөлгөн. Романдын жазылышы боюнча жазуучу өзү минтип айтат: "...Москвадагы "Балдар адабиятынын" башкы басмаканасы кыргыз мектептеринин турмушунан повесть жазыш үчүн менин алдыма өтө туруктуулук менен маселе коюшпаса, "Тоо балдары" жазылбас беле? Балким, "Тоо балдары" эмес, анын ордуна башка китеп жаралат беле? Айтор, басмакананын демилгеси бизге "Тоо балдарын" жазууга себепчи болду".
Андан башка "Томо Таш" аттуу повести 1977-жылы "Жаш ленинчи" журналына басылган. Бөбөктөр үчүн "Бөдөнө", "Тоо булак", "Мамалак", "Чөндөлөй" деген чыгармалары "Байчечекей" журналы аркылуу окурмандарына тартууланган. "Бала комузчу", "Кырк төө", "Көк серек", "Бозой баатыр", "Жолдубай баатыр", "Бөрүбай баатыр" ж.б. уламыштары, жомоктору бала дүйнөсүнө жакындыгы, бай тили менен айырмаланат. 1987-жылы балдарга арналган "Чаар тоок" жыйнагы чыкты.
Бир айыл жалпы айылдарга айланганда... Мурдагы "Кең-Суу" романын сындагандар байларды, кулактарды оң каарман катары карап ийген, ал бир гана айылдын – Кең-Суунун турмушун сүрөттөп калган деген сыяктуу дооматтарды да коюшкан эле. Ал чыгарманы кайра оңдоп, 1955-жылы "Тоо арасында" деген ат менен чыгарат. Бул романды жазуу үчүн автор Сары-Өзөн Чүйдүн бир топ колхоздорун кыдырып чыккан. Кыргыз адабиятындагы гана эмес, жалпы совет адабиятындагы эң көлөмдүү китептердин бири катары эсептелген бул роман көп жылдар бою мектептерде окутулуп келди.
60-жылдарда кара сөздүн балбаны ырга ооп 1960-жылы "Күн кызы Нурайымга күйөөлөгөн Жанболот жөнүндө баян" жомок-поэмасын, 1969-жылы "Адамдарга кайрылуу" аттуу ырлар жана поэмалар жыйнагын тартуулады
Ырга кайтып келүү, роман артынан романдар... 60-жылдарда кара сөздүн балбаны ырга ооп 1960-жылы "Күн кызы Нурайымга күйөөлөгөн Жанболот жөнүндө баян" жомок-поэмасын, 1969-жылы "Адамдарга кайрылуу" аттуу ырлар жана поэмалар жыйнагын тартуулады. Китеп болуп чыгары менен "Адамдарга кайрылуу" катуу сынга кабылды, Түкөбүз аны кебелбестик менен көтөрүп койду.
60-70-жылдарда романист катары дагы өжөрлүк менен көшөрө иштеп "Батийна" (1962), "Зайыптар" (1966), "Курбулар" (1977), "Ыманбай пейили" (1980) деген романдарын биринен сала бирин жазды. Булардын ичинен "Ыманбай пейили" кыйла кыйынчылык менен араң чыккан, 25 басма табак чыгарманын 8 басма табагын кыскартып салышкан, сегиз-тогуз жыл чыгарбай кармашкан.
18 жыл жарык көрбөй жаткан тарыхый чыгарма. Сүрөткердин турмушунда "Көк асаба" романы өзгөчө тагдырдагы чыгарма, ал Орхон-Эне-Сай доорундагы түрк элдеринин басып өткөн жолун көркөм жалпылаштырууга алган. Роман адегенде эле шыдыр жазыла баштаган. Бүткөн кезде басмалардан жолу бөгөлгөн. Сыдыкбеков Турдакун Усубалиевге да арыз менен кирген, академиктер Курман-Галий Каракеев, Бегималы Жамгырчиев, Кыргызстан Коммунисттик Партиясынын Борбордук комитетинин маданият бөлүмүнүн башчысы Жумагүл Нусупова, үгүт-насаат иштери боюнча катчысы Кеңеш Кулматов, Кыргызстан Жазуучулар союзунун төрагасы Теңдик Аскаров ж.б. ошол кездеги идеологиялык иштерге тиешеси бар чиновниктер сүйлөшүп алгандай баары эле сөз жүзүндө китептин чыгышын колдой турганын айтып эле, иш жүзүндө тоскоолдук кыла берген. Роман ошол тарыхыйлыгы менен, кыргыздардын кыйын эл болгондугун көрсөткөндүгү менен чоңдорду чочулатып, тоталитардык доордун "кара сандыгына" салынды. Жазуучу паркенсон дартына кабылды, дагы бир тарыхый темадагы "Жортуул" романын жазбай койду. "Сүйкүмдүү киши" деген чыгармасы да жазылбай калды. Бирок өжөр киши өжөрлөнүп, өчөшүп ошол "Көк асабасы" "камакта" жатканда эл сөзүнөн намыстанып, баш көтөрүп "Сыр ачуу", "Курбулар", "Ыманбай пейили", "Жол" (1982) деген романдарын жазып салды. "Көк асаба" көп жыл окурмандарына жетпей жатып, заман бир аз оңолгондо гана 1989-жылы колго тийди.
Акын Байдылда Сарногоев жөнүндө 17 факт. Кыргыз деп өткөн дүйнөдөн...
Драматург жана котормочу. Анын Калим Рахматуллин менен шериктеш жазган "Манас жана Алмамбет" деген эпикалык драмасы согуш кезинде – 1942-жылы жазылып, сахнага коюлуп, элдин кызыгуусуна арзыган. Ал "Күчтүү жүрөк", "Канжар", "Кыштак кожоюндары", "Бөрк алдында бөрү бар", "Тоодой жүрөк" аттуу пьесаларды жазган. А.С.Пушкиндин, Н.А.Некрасовдун, Д.Бедныйдын, А.П.Чеховдун, А.Серафимовичтин, М.Шолоховдун чыгармаларын которгон.
Өмүрүн коштогон оорулары. Үч жашында сүткө күйүп бала чабал болуп калды. 1927-жылы жүрөгүндө тешик (порок) бар экени билинген. 1932-жылы кеч күздө кургак учукка кабылып, оозунан кан аккан, эти жок сөөк болуп калган учурларында көргөн дарыгер анын жашар-жашабасына арсар болуп баш чайкаган. Ошол күз-кыш, кийинки жаз Фрунзеде тубдиспансерде өлүм менен өмүр ортосунда жатты. 1940-жылдын апрелине чейин кургак учук ооруканасы анын экинчи үйү болгон. Кийинки он жылда боору чоңоюп, кирпичтей катып кетти. Жаздыкка жатып жазган күндөрдү башынан өткөрдү. Кемин балы, сүт, сабиз менен кызылча ширесин ичип жан сактады, 1948-жылы Железноводскиге курортко барып кыйла жакшы болду. 80-жылдардын колун калтырак басып паркинсон деген оору менен жабырланып, жазууга кыйынчылык туулган. "Элдер жүрөгү ооруса үйдөн чыкпай жатып калат экен, а мен көчөгө чыгып бирөөлөр менен бакылдашып, сыздап турган жүрөгүмдү айыктырып келем" деп калчу. Тамакты ылгап жечү, кымыз ичүү.
Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармачылыгын изилдөө менен көптөгөн адабият таануу жана сын эмгектери жазылган. "Кең-Суу" романы чыгары менен эле Мукай Элебаев, Мухамед Дөгдүров сындап чыгат
Ар кыл ысымдары жана кошуналары. Бала чакта апасы көз тийүүдөн ала качып Карачунак дечү. Студент кезинде теңтуштары Көлкөңбай аташчу, 1938-жылдан кошуна турган Алыкул Осмонов да Көлкөңбай дейт эле. Кийин кадыр-барк күткөндө улуу-кичүү тааныштары, атүгүл өлкө башчысы да Түкө деп аташа турган, жалпы эл аны кыргыздын Бакай атасы деше турган. Фрунзеге жаңы келгенде Мукай Элебаевдин үйүндө жашаган, ошол жерде ал "Кең-Сууну", Мукай Элебаев "Узак жолду" жарышып жазган, булар жана Касымалы Жантөшовдун "Каныбеги" алгачкы кыргыз романдары болуп саналат. 1932-1933-жылдары Жусуп Турусбеков жана анын мыкты жубайы Гүлсүн менен кошуна болушкан. Балкар акыны Кайсын Кулиев менен жакын дос эле. Жоомарт Бөкөнбаев менен катуу тамашалашчу экен. Чыңгыз Айтматов экөө ата-баладай жүргөн. Казак жазуучулары, өзгөчө Мухтар Ауэзов менен ынак болгон.
Комсомолго да, коммунисттик партияга да мүчө болбой койгон. Редакцияда иштеп жүргөн кезде Калим Рахматуллин, Алыкул Осмонов болуп акыбал сурашып отурса, алардын жанына Токторалиев деген жигит кириптир, ал комсорг экен, кирип эле "Ай, Сыдыкбеков, сен коомдук иштерге катышпайсың, чогулуштар менен ишиң жок, бүгүн мында банкет болот, сен келген элдин кийимин кайтарасың" деп ороңдоптур. Ошол адам аябай жинин келтирген экен, "Кой, ушул Токторалиевдер мүчө болгон комсомолго да, партияга да өтпөй койсом кутуламбы" деп өмүр бою комсомолго да, партияга да өткөн эмес. Мунун пайдасын да, зыянын да кийин көп тарткан.
Мүнөзү. Жазуучулар арасында айтканын бербеген өжөрлүгү, көктүгү айтылып келет. Комсомолго, партияга өтпөйм дедиби – өтпөй койду. Байбичесин жерге берип жатканда эми төшөк жаңыртпайм дедиби – кыйналып жатса да кийин үйлөнбөдү. Кандай гана чогулуш болбосун, кандай гана даражадагы чиновник болбосун чындыкты бетке айтып жүрдү. Чыгармаларында өзү жазганын өзү жокко чыгарбады, каталарын мойнуна алып кечирим сурабады.
Жазуучуларга жапырт ат коюп. Акын Майрамкан Абылкасымова жөнүндө 11 факт
Эне тилибиз үчүн Ак үй-Көк үйдүн тынчын алып турган. Ураалаган жылдарда, улуттук маданияттан, эне тилден айрылып-айрылбай аткан чакта Түгөлбай Сыдыкбек уулу кыргыз тилинин тазалыгы үчүн, кыргыз улуту үчүн тикесинен тик туруп күрөшүп, тилди көрүнгөн дейди сөздөр, сүйлөм курулмалары менен бастырбоо, калк кебинин кунарын кетирбөө, накта элдик эски сөздөрдү "уйкудан ойготуу", кара сөз айдыңында Баба Дыйкандай түйшүктүү мээнет кылуунун камында жүрүп келди. "Жогору жактарга" боо-боо каттарды жазыптыр, көрүнгөн жерде айтып-дептир, маселе коюп, тили тешилиптир, уккандар угуптур, укпагандар "койчу, ушу улутчулду" деп кулагынын сыртынан кетириптир, кыскасы, бу киши кыргыз тилин жээригендер менен найза алып кадимки баатыр бабаларча салгылашыптыр. Ал гана эмес жаш жазуучулардын бир канчасына, айталык, Чыңгыз Айтматовго, Төлөгөн Касымбековго, Шатман Садыбакасовго, Кубатбек Жусубалиевге, Аман Саспаевге, Кеңеш Жусуповго, Мурза Гапаровго, Сейит Жетимишовго, Абдимитал Камаловго арка-бел болуп, тоталитардык бийликтин кан күсөгөн камчысынан калкалап турду, ал гана эмес ал жазуучулардын улуттук сүрөткер болушуна шыкак берди. Абдимитал Камаловдун "Ящиктеги жүзүм" деген аңгемеси сындалып жаткан кезде автордун таламын талашып партиянын Ош обкомунун биринчи катчысы Султан Ибраимовго кайра-кайра каттарды жазып катуу айткан. Түгөлбай Сыдыкбеков эне тилибиздин, улуттук маданиятыбыздын опол тоодой тиреги, түндүгүн көтөргөн түркүгү, чынар тереги болуп келген. Бүгүн биз канчалык элдигибизди, улуттук жүзүбүздү, тил байлыгыбызды сактап тура алсак, эртеңки муундарга өткөрүп бере алсак, анын баарында кызыр даарыган аксакалыбыздын кызылдай мээнети, кылымдардын кыйырында кыргыз унутпай турган кымбат кызматы бар.
Түгөлбай Сыдыкбеков айрым чыгармаларын бир нече вариантта жазып чыккан, кайра-кайра оңдогон. Анын жарыяланбай калган мурастары да көп экендигин айтып жүрүшөт...
"Манас" жана Түгөлбай Сыдыкбеков. Өмүрүнүн бир катар мезгилдери "Манас" эпосун изилдөө, бастыруу, коргоо, элге жайылтуу менен байланышат. 1942-жылы Калим Рахматуллин менен бирге "Манас жана Алмамбет" деген драма жазган дедик. "Манас" эпосунун элдүүлүгүнө арналып 1952-жылы Фрунзе шаарында өткөн бүткүл союздук конференцияда "Сейтек" – как составная часть трилогии "Манас" деген баяндама жасап, эпосту коргоп, өтө маанилүү ойлорду айтып чыккан. "Манас" эпосунун элдүүлүгү", "Манас" эпосунун генезиси жөнүндө", "Тарых жана "Манас" аттуу терең мазмундуу макалаларды жазган. Эпостун курама вариантындагы "Сейтек" бөлүмүнүн түзүүчүсү жана редактору. "Манастын" окуяларын Орхон-Эне-Сай тексттери менен салыштыруу жүргүзгөн.
Кыргыз адабият таануу илиминин өнүгүшүнө салым кошкон. Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармачылыгын изилдөө менен көптөгөн адабият таануу жана сын эмгектери жазылган. "Кең-Суу" романы чыгары менен эле Мукай Элебаев, Мухамед Дөгдүров сындап чыгат. Калим Рахматуллин анын чыгармачылыгы тууралуу кеңири макала жазат. Жаш адабиятчы Кеңешбек Асаналиев 1953-жылы "Түгөлбай Сыдыкбеков жана анын "Биздин замандын кишилери" романы" деген темада кандидаттык диссертациясын коргоп, 1956-жылы "Романы Тугельбая Сыдыкбекова" аттуу монографиясын окурмандарга тартуулайт. Сейитказы Байходжаев 1954-жылы Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармачылык жолу тууралуу кандидаттык диссертациясын жазып, бир топ макалаларын чыгарат. Абдылда Мусаев кийин Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармачылыгы боюнча диссертациясын жактап, "Түгөлбай Сыдыкбеков: адам тагдыры жана чыгармачылык тагдыр", "Сүрөткер: адамдык жана чыгармачылык тагдыр" деген монографияларын тартуулайт. Искендер Жумабаев "Тоо арасында" романынын жаралыш тарыхы, Бактыгүл Темирова "Көк асаба" романынын көркөм наркы боюнча илимдин кандидаттары болгон. Анын чыгармачылыгы боюнча Качкынбай Асаналиев, Абдыкадыр Садыков, Мухтар Борбугулов, Камбаралы Бобулов, Кирише Иманалиев, Абдыганы Эркебаев ж.б. адабиятчылар илимий талдоолорду жүргүзгөн.
Учкул канат сөздөрү. "Жаз – күлмүңдөгөн балалыгым. Жай – келберсиген жигит кезим. Күз – акыл-эске үзүрдүү киши болгонум. Кыш – абийирдүү карылыгым. Төрт мезгилимди биринен бирин кантип бөлөм!", "Музыка мага аркы өйүзүнө көз жетпеген сезимдин улуу деңизиндей сезилет", "Ийри чыккан бутакта бышкан мөмө ширин эмеспи", "Алыскыны жууктай көрүп, аз сүйлөп, терең баамдап – элдердин ортосунда эркиндик, теңдикти, кишилерге жакшылыктын, калыстыктын, берекенин, боорукерликтин, ак пейилдүүлүктүн үрөнүн сепкен адам, мейли ал эч дипломсуз болсун – мен сүйгөн көсөм да, акылман да, баатыр да ошол!", "Жазуучу – ойчул. Ал күн өткөн сайын баамчыл, даанышман, максаттуу болууга милдеттүү. Максат адамдын чоң үмүтүнө жол ачат. Эмгек – анын ак үмүтүн ишке ашырат", "өз мезгилинде бышкан жемиш ширин", "Каламга "кул" болууну каалабайм", "Чоку жакын көрүнгөн менен ага жетиш кымбат. Тек, аны оңой көрүп албууттанган адам тез күйүгүп орто жолдо калат".
Түгөлбай Сыдыкбеков жубайы Асыгүл менен кургак учук оорусу боюнча каттоодон чыккан жылы – 1940-жылы күздө баш кошкон
Жубайы жана балдары. Жубайы Асыгүл менен кургак учук оорусу боюнча каттоодон чыккан жылы – 1940-жылы күздө баш кошкон. Аялынан 1984-жылы ажырады. Уулу Аскарбек, Арстанбек, Сабырбек, кызы Динара. Неберелеринин бири Айнура – сүрөтчү-дизайнер, уул небереси Чоро – архитектор.
Акыркы сапарга узатуу. Кыргыз адабиятына 70 жылга жакын ак кызмат кылган, элдик тилдин жана нарк-насилдин нускалуу билерманы Түгөлбай Сыдыкбеков 1997-жылы 19-июлда Бишкек шаарында каза болду. Абанын температурасы 41-42 градуска жетип жаткан. Анын сөөгүн эл зор урмат, ызаат менен узатты. Бул кишинин аты менен XX кылымдагы кыргыз маданияты көп жагынан байланышып, бири-бирин көтөрүп, бири-бирин тиреп тургансыйт. Эң көп романдарды жазган кишинин эмгегин азыр ойлоп отурсаң, ошонун баарын бир киши, али компьютер да, диктофон да жок кезде, кантип жазып бүтүрдү экен деп таң каласың. Бир жолу гана ал кишинин бир романын көчүрүп чыгыш эмне деген мээнетти талап кыларын ойлогондо эсиң оойт, Түгөлбай Сыдыкбеков айрым чыгармаларын бир нече вариантта жазып чыккан, кайра-кайра оңдогон. Анын жарыяланбай калган мурастары да көп экендигин айтып жүрүшөт...
Кыргыз маданиятынын "князы" Эрнис Турсунов тууралуу 15 факт
"Бир сулуунун жанында жүз аламан шайтан бар". Рамис Рыскулов жөнүндө 12 факт