БИШКЕК, 3-май – Sputnik. Владимир Зеленский Батыштан акча жана курал сураганын уланта берет. Ошол эле учурда украиналыктардын камын көрүп либералдык идеялар менен жашап жатканын далилдөөгө аракет кылат. Мындай пикирин РФтин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев билдиргенин "Прайм" агенттиги жазды.
Медведевдин айтымында, Зеленскийге эч кандай тынчтык келишими зарыл эмес. Анткени документке кол коюлса Зеленскийге же нацисттердин, же атаандаштарынын "таягы" тиет.
"Зеленскийге эч кандай тынчтык келишиминин кереги жок. Тынчтык ал үчүн иштин бүткөнү. Же нацисттер аны тез эле алып түшөт, же атаандаштары согушта жеңилген президент катары кызматтан кетиришет", — деди Медведев.
Ошондой эле ал Зеленскийдин украиндерге кам көргөндөй түр көрсөтүп, аларды мезгил-мезгили менен бандерачылардын алдында тирүү калкан катары таштап жатканын кошумчалады.