Чүйдө микроавтобус эки адамды коюп, эркек киши каза тапты. Окуянын видеосу

Окуянын кесепетинен эркек киши каза болду. Ал эми аял киши оор жаракат алган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Чүйдүн Петропавловка айылында Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү автоунаа эки адамды коюп кетти.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) маалыматына караганда, окуя бүгүн саат 20:40та Бишкек – Чалдыбар жолунун 55-чакырымында болгон.
Жеринен тартылган видеону коомдук активист Болот Ибрагимов Telegram-каналына жарыялады.

“Маршрутканын айдоочусу Бишкекти көздөй келе жатып 50-55 чамасындагы эки адамды коюп кеткен. Андан кийин электр мамысын сүзүп токтогон. Окуянын кесепетинен эркек киши каза болду. Ал эми аял киши оор жаракат алып, Кара-Балта шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди”, — деп айтылат маалыматта.

Автоунаа айып короосуна токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Жайыл РИИБде тергөө амалдары жүрүүдө.
Чүйдө BMW коюп кеткен 22 жаштагы кыз реанимацияда. Окуянын видеосу