Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Ошолордун кылыгы экени айныгыс". Украинадагы чагымдардын артында кимдер турат?

Кийин "россиялык армия колдонду" деп айыптоо үчүн Батыш Украинада химиялык курал менен чагым уюштуруунун камын көрүүдө. Россиянын Федерация кеңешинин вице-спикери Константин Косачев ушундай оюн ортого салат.
Sputnik
Андрей Коц
Атайын операция башталгандан бери РФке каршы Украинада, дегеле соңку тарыхтагы жаңжалдарда кандай чагымдар жасалганына Андрей Коц кызыгып, россиялык расмий өкүлдөр, эксперттердин пикирин тыңдаган. Серепчинин ушул туурасындагы кезектеги макаласын РИА Новости жарыялаган.
Диверсиялык аракеттер НАТОго Москваны европалык жана америкалыктардын алдында каралоо үчүн керектигин, ошондой эле дагы катаал санкцияларга негиз катары зарылдыгын белгилейт Константин Косачев. Мындай коркунуч кыйла реалдуу, Брюссель менен Вашингтондун бул сыяктуу "оюндарды уюштуруу" тажрыйбасы арбын.

"Кызыл чийин"

АКШ президенти Жо Байден март айынын аягында эле "эгер Россия химиялык курал колдоно турган болсо", Украинадагы куралдуу жаңжалга түз кийлигишүү мүмкүн экенин кыйыткан. Ага дароо эле Германиянын канцлери Олаф Шольц жана түндүк атлантикалык альянстын башкы катчысы Йенс Столтенберг да жагынгандай, аскердик ууландыруучу заттарды пайдалануу – "кызыл чийин" экенин, анын аркасынан Батыштын "катаал жана ага шайкеш жообу" берилерин билдиришкен.
Украинага жоокерлерин жиберүүгө сөз беришкен эмес, анткени Москва менен түз кагылыш өзөктүк согушка айланып кетерин алар жакшы билишет. Бирок "химиялык оюн" Вашингтон жана Брюсселге санкцияларды катаалдантып, саясий-экономикалык кысымды күчөтүү үчүн керек.
"Батыш өлкөлөрүндө ички чыңалуу күн өткөн сайын күч алууда. Туңгуюк абал түзүлүп, азык-түлүктүн негизги түрлөрү жана бензиндин баасынын кымбатташын ооздуктоо үчүн калк алдында укмуштай бир актануу жолун табуу зарыл болуп турат, — дейт Константин Косачев. — Жапырт жабырткатуучу курал тууралуу да маселе көтөрүп чыгышы ыктымал. Ушундай жагдайда Батыш саясатчыларынын ууландыруучу заттар туурасындагы кептери өзгөчө чочулоо жаратат". Химиялык жана бактериологиялык "карта" – америкалыктар жана алардын союздаштарынын сүйүктүү шылтоосу.
2003-жылдын февралында Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Бириккен Улуттар Уюмунун жыйынындагы сөзүндө "сибирь жарасынын таякчасы" салынган пробирканы көрсөтүп, анын шылтоосу менен АКШ Иракты басып киришкен. Жапырт жабыркатуучу куралды ал жактан табышпады, бирок БУУдагы ошол чагым Багдадды катуу жабыркатып, жүз миңдеген кишинин өмүрүн алып кетти.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
НАТОнун Украинадагы "темир агымын" басаңдатуу. Россиянын максаты жана каражаты

Сириялык сабак

Ошондон туура он жыл өткөндө Кошмо Штаттар союздаштары менен бирге Сириянын "тамырын тартып көрүштү". Химиялык курал алардын толук масштабдуу интервенциясына себеп болуп кала жаздаган. Ошол жылдын августунда Чыгыш Гутада (Дамасктын четиндеги) белгисиз бирөөлөр зарин газын чачып, 600-1300дөй киши каза болгон.
Америкалыктар ал кайгылуу окуяга Башар Асаддын өкмөтүн күнөөлөп, коргоо өнөр жай ишканаларына ракеталык жана авиациялык сокку урарын айтып опузалаган. Андай каатчыл жагдай Россиянын кийлигишүүсү менен жөнгө салынган. Москва Дамаскты эл аралык байкоочулардын көзөмөлү алдында аскердик химиянын корун жок кылууга көндүргөн.
2017-жылы расмий катталган сириялык ууландыруучу заттардын запасынын баары жок кылынган. Бирок ошол жылдын 4-апрелинде Идлиб провинциясындагы Хан-Шейхун шаарында зарин газынан 89 киши курман болуп, 550 киши жабыр тарткан. Айтылуу "Ак каскачандар" коомдук уюмунун (көпчүлүк аларды согушкерлерге жең ичинен көмөктөшөт деп боолголошот) өкүлдөрү Батыш маалымат каражаттарына авиациялык атайын ок-дарыларга мүнөздүү болгон төрт "өзгөчө чабал жардыруу" жөнүндө кабарлашкан. Албетте, алар Асадды айыптап чыгышкан.
Үч күн өтпөй АКШ Аскер-деңиз күчтөрүнүн кемелери "Томагавк" канаттуу ракеталары менен сириялык Шайрат авиабазасына сокку уруп, алардын шылтоосу боюнча ошол жайдан химиялык бомбалар менен учактар учуп чыккан имиш.
Хан-Шейхундагы окуя ошону менен иликтенбей калган. "Ак каскачандардын" көрсөтмөлөрүн чындык деп эсептөөгө болбойт, куру дегенде эле ал "ыктыярчылар" — аскердик ууландыруучу заттар боюнча адистер эмес. Анткен менен алар — дасыккан пиарчылар. Алардын жасалма тасмалары, бурмалоо, жалгандарынын айыбы далай ирет ачылган. Мисалы, 2018-жылдын январында ошол эле "Ак каскачандар" Чыгыш Гутадагы Дума шаарында химиялык чабуулдан 13 жаран, анын ичинде аялдар жана жашы жете элек балдар жабыр тартты деп кабарлашкан.
Далил катары Батыш маалымат каражаттары стандарттык тасманы жарыялашкан. Кычкылтек бет кабын тагынган бир эле ымыркайды тасманын улам кийинки бөлүгүндө ар башка киши ар кандай фондо көтөргөнү чагылдырылган. Анан да куралдын учунда чети дат баскан, цилиндрдик стакандагы кызыктай ок көрсөтүлөт. Анын армиялык үлгүдөгү штаттык дүрмөттөй түрү жок, террорчулар оңой эле даярдай салчу жасалма минометтук мина сыяктуу эле. Көз көрүнөө турса да Батышта эч ким "Ак каскачандардын" далилинен шек санашкан эмес. Вашингтон менен Брюссель ар жолкусунда алардын жалгандарына таянуу менен Асаддын өкмөтүнө кысымды күчөткөн.
Европа согушка аттанууда. Ой толгоо

Сыналган ыкма

Ошентсе да украиналык жана натолук атайын кызматтардын арсеналында "химиялык чабуулдардан" да күчтүү курал бар. Россиялык атайын операциялар башталгандан тарта Батыш маалымат каражаттары өз аудиториясына "кан төгүүчү орустар" турак жайларга сокку уруп, көчөдө жайкын жашоочуларды атып жатат деп ынандырууга далбас уруп келет. Ал эми жарандык инфраструктурага ок Украина Куралдуу күчтөрү, улутчул батальондору, айрыкча территориялык коргоо бөлүктөрү тарабынан атылганына алар көз жуумп коюуда.
Желеде Украина Куралдуу күчтөрү артиллериясын атайын турак жайлар арасына жайгаштырып, жергиликтүү тургундардын коопсуз жайга кетүүсүнө жол бербей, аларды тирүү калкан катары кармап жатышканына далил жайнайт. Аларга булардын баарын батыштык кураторлору үйрөткөнү белгилүү эмеспи.
Америкалык авиация Иракта Мосулде же сириялык Ракканын таш-талканын чыгарган, бирок Батышта эч ким бул үчүн Вашингтонго санкция салганы жок. Айрыкча Киев облусунун Буча шаарындагы "көрүнүш" буга таасын далил. Заматта европалык жана америкалык маалымат каражаттарына кеңири тарабадыбы.
Территориялык коргоо бөлүгүнүн согушкерлери 3-апрелде (россиялык күчтөр 30-мартта чыгышкан) көчөлөрдөн жарандардын ондогон сөөгүн, үйүлө көмүлгөн мүрзөлөрдү, жер төлөлөрдө кыйнап өлтүрүлгөндөрдүн сөөгүн жана башка үрөй учурган көрүнүштөргө кокусунан күбө болушкан. Дароо орустарды мыкаачылыкка айыпташты. Бирок адистер украиналык бийлик тарабынан жайылтылган Бучадагы роликтерден бир катар дал келбестиктерди аныкташты.
Биринчиден, набыт болгондордун сөөктөрүнүн абалына караганда, украиналык аскерлер келгенден ашып кетсе эки күн мурда өлгөнү байкалып, бузулуп кеткен эмес.
Экинчиден, алардын көпчүлүгүндө ак кездеме байланган. Бул – россиялыктар пайдаланган белги.
Үчүнчүдөн, тасмаларда айрым "маркумдардын" кыймылдаганы көрүнөт.
Төртүнчүдөн, өлгөн адамдардын көпчүлүгү окшош кийинген. Сөөктөр көчөнүн чектелүү тилкесинде гана жатат.
Бешинчиден, 2-апрелде Бучага барышкан украиналык журналисттер эч кандай жапырт киши өлтүрүүлөр тууралуу эч маалымдашкан эмес. Мындай шайкеш келбеген жагдайлар арбын.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Донбасс үчүн чечүүчү салгылаш. Аскерий сереп

Краматорск жалганы

"Киевде Донбасс үчүн салгылаштардын жыйынтыгын чочулоо менен күтүп жатышат, — деп түшүндүрөт саясат таануучу Андрей Суздальцев. — Украина жана АКШ ушундай көз көрүнөө чагымдары менен россиялык атайын операцияны токтотууга аракет кылышууда. Ал түгүл алардын ортосунда ким биринчи ишке ашырат деген тейдеги атаандаштык да жок эмес. Батыш үстөмдүк кыларын көрсөтүү америкалыктар үчүн өтө маанилүү. Ал эми алардын көздөгөнү бир — Россияны мыкаачы кылып көрсөтүү".
Анткен менен Батыштын бардык эле театрлаштырылган оюндары өздөрү каалагандай жыйынтык алып келбейт. 8-апрелде Украина Куралдуу күчтөрү Краматорскидеги темир жол бекетине "Точка-У" баллистикалык ракетасы менен сокку урган. Элүүдөн ашуун киши набыт болду. Буга украиналык жана Батыш маалымат каражаттары, албетте, Москваны күнөөлөштү. Бирок басма сөздө сериялык номери даана көрүнгөн ракетанын сыныктарынын сүрөттөрү чыкты. Ракета украиналык арсеналдан. Ошондон соң Батыш журналисттери бирдей буйрук берилгендей репортаждарында Краматорскиден кеп козгобой калышты.
НАТО жана Европа биримдигине мүчө-өлкөлөр адамдардын жапырт өлүмүн өзүнө жакпагандарды жазалоого шылтоо кылып кынык алышкандай. 1999-жылдын январында югославиялык полиция косоволук Речак кыштагына рейд жасап, 45 согушкерди жок кылышат. Европа биримдиги аларды жайкын жашоочулар катары жазып алган. Согушка мындан артык себеп барбы? НАТОнун 78 күндүк аба кампаниясында миңдеген адам шейит болуп, өлкө талкаланган.
Батыш саясатчылары, аскер жана атайын кызматкерлердин стратегиясы абдан ырааттуу келет. Эгер кайсы бир ыкма, чагым же фейк натыйжасын берсе, аны сөзсүз кайрадан колдонорун бөркүңүздөй көрүңүз.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Террордук тактика үчүн Киев жалгыз жооп бербейт. Диверсиялык аракеттерге сереп