Радио

Рысбаев: Көчмөндөр оюндары улуттук кийимдердин жайылышына себеп болду

"Кийиз дүйнө" коомдук фондунун координатору Дөөлөт Рысбаев Кыргызстанда өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары улуттук кийимдердин жайылышына чоң секирик болгонун айтты.
Sputnik
Улуттук кийимди мода катары гана кийбестен, анын тарыхын, маанисин билүүгө кызыккан жаштар көбөйдү. Бул тууралуу Дөөлөт Рысбаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, улуттук кийимдерди унутта калтырбай, аны пропагандалоо ишине мамлекет колдоо көрсөтсө олуттуу жылыш болмок.
"Маданиятты өнүктүрүүгө мамлекет олуттуу көңүл бурса жакшы жылыштар болот эле. Бизде башка тармактарга басым жасалып, маданият өгөй бала сыңары четте калууда. Албетте, колдоо болбой жатат дегенден алысмын. Мисалы, Кыргызстанда өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары улуттук кийимдердин жайылышына чоң секирик болду. Кыргыздын салттуу кийими чет өлкөлүктөрдү гана эмес, өзүбүздү таасирлентти жана изденүүгө түрткү берди. Учурда улуттук кийимди мода катары гана кийбестен, анын тарыхын, маанисин билүүгө кызыккан жаштар көбөйдү", — деди Рысбаев.
Ошондой эле адис кыргыздарга таандык улуттук кийимдерди тарыхый булактардан таап, аны изилдөөгө да маани берилиши керектигин кошумчалады.