Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Бишкекте Россияны колдогон митинг өттү. Видео

Бишкектеги Максим Горький атындагы паркта Россияны колдогон митинг болуп өттү.
Sputnik
Акциянын катышуучусу Галина Кетова иш-чара өтө турганын социалдык тармактан билгенин айтты.
"Бул жерден Кыргызстан менен Россиянын достугу жөнүндө бир ооз кеп айтууга болот. Оор күндөр өтүп жатат. Достугубузду бузгусу келген күчтөр аракет кылууда. Мындай учурда бири-бирибизди колдошубуз керек", — деди ал.
Ленинград блокадачылар коомунун төрагасынын орун басары Марат Кутанов жакынкы аралыкта Россия менен Украинанын ортосунда тынчтык орной турганына үмүт артарын билдирди.
"Украина менен Россия ажырагыс бир тууган эл. Биз эки элдин ортосунда тынчтык орношун жана тараптардын бир консенсуска келишин каалайбыз", — деди Кутанов.
Акциянын кээ бир катышуучулары "Россия — биздин стратегиялык өнөктөш", "Нацизми жок дүйнө", "Батыштын саясаты пайда алып келбейт" деген плакаттарды көтөрө келишкен.
Эки саатка чукул созулган акциянын алкагында чакан концерт да өттү. Ошондой эле иш-чаранын бир нече катышуучусу сөз сүйлөдү. Буга чейин Россияны колдогон акция Бишкек менен Ошто болгон.