БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Евразиялык экономикалык биримдиктин аймагында бажы алымысыз өткөрүлгөн товардын көлөмү 1000 еврого көтөрүлдү. Бул тууралуу Sputnik Жакынкы чет өлкө маалымдады.
2020-жылдын 1-мартынан тарта жарандардын жеке өзүнүн муктаждыгы үчүн алган товарды бажы алымысыз өткөрүү лимитинин босогосу 200 евро деп бекитилген.
Евразиялык экономикалык комиссиянын расмий өкүлү Ия Малкина отурумдун жыйынтыгы боюнча брифингде аталган лимит 2022-жылдын 1-октябрына чейин убактылуу көтөрүлгөндүгүн билдирген.
Бул товарлардын таңсыктыгынан алыс болуу үчүн жана өзүнүн муктаждыгынан улам чет өлкөдөн интернет-дүкөндөр аркылуу буюртма берген жарандарды колдоо максатында жасалган кадам экени айтылган.