22:1! Кыргызстан Малайзиянын хоккейчилерин да ири эсеп менен жеңди

Улуттук курама команда 3-мартта Ирандын тайпасын да караандатпай утуп алган. Эми алдыда Сингапур жана Кувейттин командалары менен күч сынашат.
Sputnik
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Бишкекте өтүп жаткан IV дивизиондогу хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын алкагында Кыргызстандын командасы Малайзиянын тайпасын 22:1 упай эсеби менен утуп алды.
Мелдеш кечээ кечинде шаардык муз аянтында өттү. Командалар 20 мүнөттөн үч жолу ойногон. Анын жүрүшүндө малайзиялыктар дарбазага бир гана топ киргизе алган. Натыйжада Кыргызстан ири эсеп менен жеңүүчү болду.
Улуттук курама команда 3-мартта Ирандын тайпасын 13:1 упай менен утуп алган. Эми Кыргызстан 7-мартта Сингапур менен, ал эми 8-мартта Кувейт менен күч сынашат.
Турнир 8-мартка чейин созулат. Анда Кыргызстандын, Кувейттин, Малайзиянын, Сингапурдун жана Ирандын командалары бирден айлампа оюн өткөрүшөт. Эң көп упай топтогон команда үчүнчү дивизионго көтөрүлөт.
Өлкө тарыхында алгачкы жолу хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтүүдө. Анын ачылышына өлкө башчы Садыр Жапаров менен Эл аралык хоккей федерациясынын (IIHF) президенти Люк Тардиф катышкан.
Кыргызстанда дүйнөлүк хоккей! Чемпионаттын ачылышынан 15 сүрөт