Мини-футбол: жаш кызматкерлер катышкан турнирди дарыгерлер жеңип алды. Сүрөт

Жалпысынан 8 кесип ээлеринен командалар түзүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Бишкекте ар тармактагы 35 жашка чейинки кызматкерлер катышкан кичи футбол боюнча "Келечек" турнири болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
1 / 3

Бишкекте ар тармактагы 35 жашка чейинки кызматкерлер катышкан кичи футбол боюнча "Келечек" турнири болуп өттү

2 / 3

Жалпысынан 8 кесип ээлеринен команда түзүлүп, жарышкан

3 / 3

Алар — жаш мамлекеттик кызматкерлер, эл өкүлдөрү, дарыгерлер, мугалимдер, журналисттер, өнөр адамдары, блогерлер жана ишкерлер.

Жалпысынан 8 кесип ээлеринен команда түзүлүп, жарышкан. Алар — жаш мамлекеттик кызматкерлер, эл өкүлдөрү, дарыгерлер, мугалимдер, журналисттер, өнөр адамдары, блогерлер жана ишкерлер.
Турнирдин жыйынтыгы төмөнкүдөй болду:
1-орун — "Дарыгерлер", 50 миң сом байге;
2-орун — "Журналисттер", 30 миң сом;
3-орун — "Өнөр", 20 миң сом;
4-орун — "Мамлекеттик кызматкерлер", 10 миң сом;
Номинациялар:
Мыкты оюнчу — "Дарыгерлер" командасынан Мирлан Кубанычбеков;
Мыкты бомбардир — "Блогерлер" командасынан Бекболсун Молдояр уулу;
"Мыкты дарбазачы" — "Мамлекеттик кызматкерлер" командасынан Азат Сагынов;
"Мыкты коргоочу" — "Өнөр" командасынан Адилет Султаналиев;
"Мыкты күйөрман" — Темирлан Ишенов.
"Келечек" турнирин Маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министрлиги уюштурду. Кийинки оюн эстафета менен Ош шаарынын мэриясына өткөрүп берилди. Ал май айында өтөрү пландалууда.
22:1! Кыргызстан Малайзиянын хоккейчилерин да ири эсеп менен жеңди