БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Киевден чыккан кыргызстандык 112 жаран украин-венгер чек арасына аман-эсен жетти. Бул тууралуу Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Дипломат алардын экөө элчиликтин кызматкерлери экендигин, кыргызстандыктар түшкөн автобус Киев шаарынан 20 саат мурда чыгып, аталган чек арадан өтүп жаткандыгын билдирген.
Аларды Венгриядан Кыргызстандын элчилигинин кызматкерлери тосуп аларын айткан.
Чек арада Украинада жүрүү мыйзамдарын (каттоосуз үч айдан ашык жүрө берген) бузган кыргызстандыктардан улам кошумча көйгөйлөр жаралганы маалым болду. Элчи ал маселени элчиликтин кызматкерлери жеринде чечип жатканын билдирген.
"Автобустун айдоочусу менен коштоп жүргөндөр кооптуу жана кыймыл көп болгон маршруттар боюнча алдын ала маалыматты дайыма алып тургандыктан, биздин жарандарды белгиленген жерге ыкчам жеткиришкен", — деп жазды Кадыркулов.
Элчи бул колонна менен келе жаткан үч жаран башка жол менен кетүү ниетин билдирип, Польшага өз алдынча киргенин кошумчалаган.
Буга чейин дипломат 28-февралда эртең менен кыргызстандыктарды эвакуациялоо башталарын билдирген.