Алардын күч сынашуусу биринчи раундда атаандашын нокаутка кетирген Махачевдин жеңиши менен аяктады. Беттеш учурунда анын секунданты экс-чемпион Хабиб Нурмагомедов болгон.
Махачев бул сапар онунчу жеңишти камсыздаган, ал 2015-жылдын октябрь айынан тарта жеңилүү ызасын тарта электигин айтышты.
Турнирде канадалык Миша Циркунов менен бразилиялык Веллингтон Турман таймашкан. Орто салмактагылар категориясындагы мушкерлердин беттешүүсү Турмандын ийгилиги менен бүткөн.
Россиялык Арман Царукян менен испаниялык Йоэль Альварездин күч сынашуусу көптөрдүн бүйүрүн кызытты. Экинчи раундда Царукянга ийгилик жылмайган. Дагы бир башка беттеште Валентина Шевченконун мурдагы атаандашы Присцила Качоэйра калыстардын чечими менен Жи Йон Кимди жеңген. Спортчулар Игнасио Бахамондес менен Чжу Ронг кармашып, үчүнчү раундда Бахамондес үстөмдүк кылып кеткен.
Тема боюнча: