Жапаров: мугалимдерге маяна төлөө системасы кайра каралат

Акылбек Жапаров 1-апрелден тарта мугалимдердин, дарыгерлердин жана маданият кызматкерлеринин маянасы көтөрүлөрүн айтты. Ал белгилегендей, билим берүү системасы олуттуу реформага муктаж.
Sputnik
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде мугалимдерге маяна берүү системасы кайра караларын министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди. Ал бүгүн Чүй облусунун Сокулук районундагы Орок орто мектебинин ачылышына барган.
1 / 4

Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде мугалимдерге маяна берүү системасы кайра караларын министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди

2 / 4

Ал бүгүн Чүй облусунун Сокулук районундагы Орок орто мектебинин ачылышына барган

3 / 4

Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиевдин айтымында, Орок орто мектебинде окуучулардын саны 1000ден жогору болгондуктан окутуу беш смена менен жүргөн

4 / 4

Акылбек Жапаров бул мектептин пайдаланууга берилиши менен жакын жердеги башка мектептердин да жүгү бир топ жеңилдей турганын белгиледи.

Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиевдин айтымында, Орок орто мектебинде окуучулардын саны 1000ден жогору болгондуктан окутуу беш смена менен жүргөн.
"Эки кабаттан турган мектептин жаңы имараты 500 окуучуга ылайыкталган, эми алар эки смена менен гана окушат. Бул ийримдердин жана кошумча сабактардын санын көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет", — деди министр. 
Акылбек Жапаров бул мектептин пайдаланууга берилиши менен жакын жердеги башка мектептердин да жүгү бир топ жеңилдей турганын белгиледи.
“Билим берүү системасы олуттуу реформаларга муктаж, алдыдагы жаңылануу ишибиздин башталышы ушул болсун”, — деди Жапаров.
Ал мугалимдер менен жолугушууда 1-апрелден тарта мугалимдердин, врачтардын жана маданият кызматкерлеринин маянасы көтөрүлөрүн айтты.
“Мектеп мугалимдеринин айлыгы көтөрүлөт. Муну менен катар мугалимдердин айлык акысы окуучулардын санына жараша төлөнүүчү ваучердик системаны да киргизели деп жатабыз. Азыр эсептөө иштери жүрүүдө. Көптөгөн мугалимдер убакыттын көбү билим берүүгө эмес, отчёт жазууга кетерин айтып даттанышты. Мындай болбойт. Мектеп — бул таланттуу мугалим менен окуучу жолуккан жер. Министрликтин жаңы жетекчилигинин алдына жакынкы аралыкта ишке ашырууга тийиш болгон көп талаптар коюлду”, — деп сөзүн жыйынтыктады Жапаров.
Ал мектептин жаңы имаратын карап чыгып, 1-класстын ачык сабагына да катышты.
Министр Бейшеналиев жабылат деген 17 медициналык окуу жайдын тизмеси