Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Дагы бир кыргызстандык Казакстанда негизсиз камалганы кабарланды

Кыргызстандын жараны 28-январдан бери тергөө абагында жатат. Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор ал негизсиз кармалганын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Казакстанда январь окуяларына катышкан деген шек менен дагы бир кыргызстандыкты негизсиз камап коюшкан. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков билдирди.
Талгат Темиркан уулу 28-январдан бери Тараз шаарынын № 13 тергөө абагында жатат. Рысбековдун айтымында, 6-январга караган түнү Темиркан уулу борбордук аянтка жакын жерден өтүп бара жатып колуна ок тийген. Буга байланыштуу ооруканага жаткырылган.
"14-январга чейин ал жергиликтүү ооруканада жаткан. Кийин полиция алып кетип, кыйноого кабылган. Болжол менен саат 00:00дө коё беришкен. Коменданттык саат болгондуктан ал кайра кармалып, беш күн бою камакта болгон. Үйүнө баргандан кийин кыйноого кабылганын айтып укук коргоочуларга кайрылган эмес. 28-январга чейин үйүндө жаткан. Бирок эмгек мигранты катары жашап жаткан жайында тинтүү жүргүзүлүп, төрт ок табылган. Жаран менен анын энеси окту атайын таштап коюшканын айтууда", — деди борбордун жетекчиси.
Директордун айтымында, Кыйноолорду алдын алуу борбору менен Акыйкатчы институтунун өкүлдөрүнөн турган делегация Казакстандын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү менен жолугуп, кыргызстандыктардын январдагы башаламандыктарга тиешеси жок экенин билдирген.
Казакстандагы январь окуяларында расмий маалыматтар боюнча Кыргызстандын беш жараны кармалган. Алардын арасында белгилүү музыкант Викрам Рузахунов дагы бар. Ал коомчулукта резонанс жаралгандыктан коё берилген. Дагы төрт мекендеш 15-январда бошотулган.
Кыргызстандык Чолпонбек Сыдыков дагы Алматыдагы январь окуяларында кармалган. Ал РИИБден таякталганын билдирген. Жабырлануучу өтө оор абалда Бишкектеги Травматология борборуна алып келинген. ТИМ казак тарапка бул боюнча нота жиберген.
Токаев: Россияга иштегени кеткендерге күлүп чоң ката кетириптирбиз