COVID-19га кабылгандар эмнеге көпкө айыкпай жатат? Адистин түшүндүрмөсү

Дарыгер коронавируска каршы вакцина алуу керектигин эске салып, азыр төртүнчү толкун басаңдап калгандыктан эмделүүгө эң ыңгайлуу учур экенин кошумчалады.
Sputnik
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. "Омикрон" штаммы көпчүлүк учурда жеңил өткөнү менен бир топ кесепеттерин калтырып кетүүдө. Бул тууралуу ДНКОМ молекулярдык-генетикалык илим изилдөө борборунун директору, педиатр Андрей Исаевге шилтеме берип "Известия" жазды.
Кесепеттер:
"Лонг-ковид" — соңку учурда адистер арасында ушундай түшүнүк пайда болду. Бул узакка созулган коронавирус. Адам оңой менен жакшы боло албай жүрө берет;
"Нейро-ковид" — нерв системасын жабыркатат;
Балдардын улам бир жери оорушу. Учурда коронавируска кабылган балдарда системалык сезгенүүлөр байкалууда. Башкача айтканда COVID-19 улам бир органды оорутуп жатат.
Мындан улам Исаев коронавируска каршы вакцина алуу керектигин эске салып, азыр төртүнчү толкун басаңдап калгандыктан эмделүүгө эң ыңгайлуу учур экенин кошумчалады.
ДССУ: коронавирустун дагы жаңы штаммдары пайда болушу мүмкүн