Бишкектеги троллейбус айдоочуларынын айлыгы көбөйөт. Суммасы

Маалыматка караганда, айдоочулар менен техниктердин ишине мониторинг жүргүзүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Бишкек троллейбус башкармалыгынын бардык кызматкерлеринин айлыгы 40 пайызга өсөт. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Айлык көтөрүлгөндөн кийин айдоочулар орто эсеп менен 25 миң сомдон ала баштайт.
"Мындай чечим айдоочулардын, техникалык кызматкерлердин графиги менен иш көлөмүнө жасалган мониторингден кийин чыгарылган", — деп айтылат маалыматта.
Айлык маяна калаа мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен көтөрүлөт.
Бишкектеги коомдук транспортто жоголгон буюмдар сакталчу бюро ачылды