Манастын тек-жайын билиши жана душмандар менен алгачкы кармашы. 6 факт

Баяныбызды Манастын ата-тегин билип, душмандар менен алгачкы ирет кандайча кармашканы менен улантмакчыбыз.
Sputnik
Буга чейин Манастын төрөлүшү, жентек тою жана Ошпурга койчу болуп барганы тууралуу айтылган.
Ошпурдун Жакыпка арызданып барышы. Баласынын үстүнөн даттанып, койчу Ошпур Жакып менен Чыйырдыга барат. "Келгенине сегиз күн болбой бу Чоң жиндиң кылбаганды кылды, калмакты аттан жыгып, оттугун тартып алып, өзүн жолго салды" дейт. Дагы да көп ушундай кылыктарын айтат, "мени кууратмакка берген экенсиң бул куу балаңы, берген уулуңду кайра өзү алгын" деп ачуу тилин безейт бай Жакыптын алдына келгенде. "Балаңар билгенин кылып жатат, мен бир жакыр адам болсом, силердин коюңарды багып жан баксам, бул баланы кайра албасаңар козу менен койлорду такыр түгөткүдөй, аз күндөн кийин аксакал Ошпур өлдү деп угасыңар" деп боздойт. Муну угуп, ансыз да баласын сагынып-саргайып жүргөн Чыйырды Жакыпка жалгыз балаңдан кутула албай жүрөсүңбү, ал жакта калмактар көп, бирөө-жарым набыт кылат, өзүң барып алып келгин деп жалынып да, буйруп да абышкасын жалооруй карайт.
Жакыптын баласын алып келүүгө барганы. Ошпурдун катуу айткан сөзү бир жагы, зайыбынын өтүнүч-талабы экинчи жагы болуп, өзү да ичтен сарсанаада жүргөнбү, айтор, Жакып койчусун узатып ийип эле атын токунуп, артынан жөнөйт. Уулуна жолугуп "козу бакпай коюпсуң", "бир түндө үчтөн союпсуң", "урупсуң кары калмакты, калмак ойлоп кетиптир мени балаага салмакты" деп тилдеп кирет. Муну угуп отуруп Чоң жинди кебелип да койбой, "Корголоп жүрүп күн көрбөй, коё койсом не болор, качып жүрүп күн көрбөй, катылышса көрөрмүн, каза жетсе өлөрмүн, калмактан мени кач дебей, атаке, кайтып өзүң жөнөгүн" дейт. Айла кеткен Жакып энеси Чыйырды чакырып жатканын, балаңы малай кылбай кайра алып кел деп атканын айтат. Баласы атасынын сөзүн кайтара албай, апасынын айтканына макул болуп үйүнө жол алат.
Ак-Өтөктөгү кармаш. Жакып менен Чоң жинди келе жатып жылкылары жайылчу Ак-Өтөктүн талаасынан Алмалуунун алты суу деген жеринен, конушунан түшчүлүк жерден уюлгуп чыккан туманды, туман эмес чаңды көрөт. Таң кала карап калган Жакыптын жанына заматта калмактын он чактысы чогулуп келет. Алар жылкычы башчы Ыйманды боз ала кылып, башы-көзүн кан кылып кууп алган. Жакыптын жайылып жүргөн кулундары куюгуп, кунандары жарышып, малы удургуп бир башкача күн туулган экен. Көргөндөн көзүн албай Чоң жинди атасынан бул эмне болгон мал, бул жылкычылар кимдер, жылкычыны ургандар кимдер, жылкы кимдин жылкысы деп сурап иет. Жакып ошондо ичтен түтөп, бул жердин акысына от майын да бердим эле, ошого алымсынбай калмактар отуз байтал, беш атты кууп жүргөн экен деп айтып салат. Ошол кезде калмактын бири Жакыпка да камчы салып жиберет, тебетейи башынан ыргыйт. Он калмак аны ороп туруп урушмакка камынат. Ушуну көрүп Чоң жинди Ыймандын колундагы укуругун жулуп алып калмактардын башчысы Кортукту чокуга чаап, башын жарат. Анын башы эле жарылбай, жаны кошо кетет. Муну көрүп калган берки тогуз калмак коркуп турат, ошентсе да "баланы кармап алалы, башына шири салалы, үйгө алып барып кыйнайлы" деп айбат кылышат. Анан чабыш башталат, тогузу бир тең, бала өзү бир тең болуп. Чоң жиндинин чапканы чалкадан, урганы узундан түшөт. Карап турбай ага беш жылкычы болушат. Ортодо арачалап, өң-алеттен кетип Жакып жүрөт, "койгула, эле, койгула" деп. Ага карашабы, калмактарды бел ашырып кууп жөнөйт.
Бычактын мизи менен комуз чертип, Сталинди таңданткан Атай Огонбаев. 15 факт
Жакып уулунан суранат. Ошол кезде баласын араң токтотуп Жакып айтат уулуна: "Айланайын каралдым, алды-артыңды карагын, кызырлуу кыргыз элиң жок, азыр кыйындык кылар эбиң жок", "түмөн кыргыз элиң жок, тентектик кылар эбиң жок", булар көп, сен азсың, балтыр этиң толо элек, балбан чагың боло элек, артынан көп кол келет, ошондо не күндө калабыз? Бу өлгөн калмактын го кунун берип эптеп кутуларбыз, а кек алганы келгендери не кылабыз?" — дейт. Антсе баласы: "Кун деген эмне?" — деп сурайт. "Кун деп санап мал алат, ал салган малына көнбөсөң бул жердеги аз кыргыз чабылат. Акыры өзүңдү өлтүрүп тынат" деп айтат атасы. Чоң жиндинин ачуусу андан бетери келет: өзүлөрү кол салса, дагы биз кун бермек белек, "жалгыз чака пул берсем мени кудай урбайбы" дейт. Коркуп короого мал жайбашын, жалынып жайытка мал жайбашын айтат, атасынын коркоктугун айтат, буларга каршы арбытып айыл жыямын, аманат жанга бир өлүм, кармашып жатып өлөмүн деп атасына каршы сүйлөйт да биз өзү кимбиз, биздин түбүбүз ким деп ток этер суроо узатканда атасы Жакып аргасыз тек-жайын айтып берет.
Манастын теги. Жакып бир четинен арманын төгүп кирет: уругуң кыргыз дейт, бир убакта өкмөт кылган элбиз дейт. Чоң атасы Ногой Кашкарды каратып туруп, Кара-Шаарды, Сары-Колду сураган, Опол тоону ордо кылган. Ошол кезде эч ким тийбеген. Кийин Эсенкандын элинен элүү миң кол келип чаап кетет, кыргыздар кенебей жатып кесилет, байкабай жатып басылат. Бири кетет Багдатка. Орозду деген агаң Алайга кетти, Үсөн деген агаң Даңгирге барып жашынды деп угам деп, дагы көп-көп тегин санап, алардын тентип кеткенин, кул болуп жүргөндөрүн кейип айтып берет. Сенин ушундай туугандарың чачылып, элиң алыста жүрсө, мен эптеп жан багып, баш батырып жүрсөм, минтип эр өлтүрүп карыган кезимде курутпадыңбы дейт. Атасынын арманын, көз жашы кылып ичтен сызып айтып турган сөзүн угуп, мен туура эмес кылган экемин да деп баягы кырк чилтен болгон бөрүнү эстейт. Ошол кезде кыламыктан кызыл байрак көтөрүп кылкылдап кырк киши келе жаткан болот. Бала атасын да эстен чыгарып, кылган ишинен куткарар адамдар келе жатканына кубана күлмүңдөп алардын астынан тосо чыгат.
Кырк чилтен менен кездешүү. Күлмүңдөп барып, акыры кыйкырып жиберди Чоң жинди. Кыйкырыгы баш жарат, айбаты анын таш жарат. Муну көрүп атасы аң-таң калат, бул маң баш болгон жинди бала го деп ойлойт. Атасына жооп бергенче ат минген кырк адам балага жакын келет. Келгендер менен учурашып, Чоң жинди чилтендерге калмактар өзүлөрү катылганын, чаап жиберсе бирөө өлүп калганын, атасы ошого кайгырып, урушуп жатканын айтат. Чилтендер "сен ага кайгырба, ошол өлгөн калмактын уулу акыры өзүңө дос болот" дейт. "Эми көзүңдү жум" дейт. Бала көзүн жумат. Көзүн жумуп караса, көз жеткен жердин баарында өңчөй көпкөк темир кийинген кылкылдаган көп аскер туруптур. "Булар кимдин аскери" дейт бала. "Булар сеники" дейт Чилтен. Аскерлердин кашында ак ала сакал, алтын таажы кийген бирөө турат. Дагы бири "жанагы сен өлтүргөн калмактын уулу Манжыбек, ал да сага жолдош болор, сенин сөзүңдөн чыкпайт, кармаарыңа кол болот, казатыңа жол болот" дейт. Дагы бир жигит тууралуу сурайт. Ал аскердин кашында турган эле. "Азыр он беш жашында, акылы болор жай деди, атасы анын Бай деди, жарыгы тиер Ай деди". Анан Чилтендер анын көзү ачтырат. Көзүн ачса, азыр эле бирге жүргөн атасы жок. Чилтендер да көздөн кайым болот. Жакып бу бала өзү менен өзү сүйлөшүп, акылы айнып калды деп баласын талаага калтырып үйүнө шашкан. Ошол кезде Чоң жинди коркуп да, шерденип да турган, жылкычылардын башчысы Ыйман абасына буйрук берип, жылкыларды калмактар ээлеп алган жерлерге айдап жиберет. Жакыптын бул окуяны айтып барган сөзүнөн эси чыккан Чыйырды апасы баласын издеп өзү келет. Келсе калмак ээлеп алган жайытта жылкылар жайма-жай оттоп жүрөт. Бир четинде баласы бар. Энеси уулун кучактап "жүр кетели, бул жерде эмнең бар" деп жалынат. Бала аргасыз макул болот, жылкычыларга "эгер калмак келсе, жылкыларды алса алсын, силер жаныңарды гана сактагыла" дейт да, апасы менен айылга жол тартат...
"Бир сулуунун жанында жүз аламан шайтан бар". Рамис Рыскулов жөнүндө 12 факт
Кыргыз адабиятына жан үрөп иштесе да бааланбай келет. Касым Каимов жөнүндө 11 факт