Радио

Абдыкеримов: Кызыл китепке кирген жаныбарлардын саны өсүүдө

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жаратылышты пайдалануу бөлүмүнүн башкы адиси Нурлан Абдыкеримов Кызыл китепке кирген жаныбарлардын саны өсүп жаткандыгыгын айтты.
Sputnik
Жапайы жаныбарларды коргоо, сактоо боюнча калкка түшүндүрүү иштеринин байма-бай жүргүзүлүшү жакшы натыйжа берди. Бул тууралуу Нурлан Абдыкеримов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, браконьерлерге каршы иш алып баруу, илбирстерди аныктоо үчүн фотокапкандарды активдүү орнотуу аркылуу кырдаалды көзөмөлдөө жеңилдеген.
"Кызыл китепке кирген жаныбарлардын саны акыркы жылдарда көбөйүп жатканы байкалууда. Жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштери байма-бай жүргүзүлүп, натыйжада элдин жаратылышты коргоого, жаныбарларды сактоого болгон мамилеси, ою өзгөрүп калды. Айылдарда жаштар атайын коомдук уюмдарды уюштуруп, маалымат таратууда абдан чоң көмөк берип жатышат. Учурда аңчылык чарбалары тарабынан да фотокапкандар тиешелүү аймактарга коюлуп, кырдаалды аныктоо жеңил болуп калды. Бирок көйгөйлүү участоктордо браконьерлерге каршы атайын иштер аткарылып келет", — деди Абдыкеримов.
Ошондой эле адис жаратылыш ресурстары, экология тармагында иш алып барган кесипкөй адистердин жетишпестигин кошумчалады.