Ушу тапта "Россия кол салат" деп коркутуп-үркүтө берген Киев эми элин тынчыта албай убара тартып жаткан чагы. Бир жагынан ЖМКлар да абалды курчутуп жатышат, Украинага курал-жарак ташуу токтогон жок. "Норманд форматындагы" жолугушуу кырдаалды жөнгө сала алар-албасына Ксения Мельникова көз чаптырып, макала РИА Новостиге жарыяланды.
Шыкактабагыла
"ЖМКда парамилитардык баллетристика көбөйүп кетти. Достор, кесиптештер, сиздерге кайрылып кетем: абалды курчутуп шыкактабагыла. Кырдаалды баарыбыз түшүнүп турабыз, дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок. Тынчтанууңуздарды өтүнөм", — деди Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Алексей Данилов.
Баса, буга чейин "россиялык коркунуч" тууралуу тынбай айта берген да ушул Данилов болчу, азыр эле эмнегедир көз карашын өзгөртө салды.
Украиналыктарга президент Владимир Зеленский да кайрылды. Ал "өлкө чыгышындагы кырдаал көзөмөлдө" экенин белгиледи. "Кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуунун үстүндө иштеп жатабыз. Бардыгын билебиз, бардыгына даярбыз, жакшы нерсеге үмүт артып, колдон келген нерсенин баарын жасап жатабыз", — деди өлкө башчысы. Президент буга чейин деле тынч болуп, дүкөнгө чабуул жасоонун зарылдыгы жок экенин эскерткен.
Эми коргоо министри Алексей Резниковдун дагы эч кандай кол салуу күтпөгөнү анык болду. "Бүгүнкү күндө Россиянын Куралдуу күчтөрү кол сала тургандай бир дагы сокку уруучу топ даярдаган жок", — деди ал.
Анын үстүнө Жогорку Радага августта жөнөтүлгөн "Өткөөл мезгилдин мамлекеттик саясаты жөнүндө" мыйзам долбоору кайра чакыртып алынды. Документте Россия "агрессор" аталып, Донбасс менен Луганскиде берилген документтердин баары жараксыз деп табылары айтылган. Ал эми Москва мындай кадамды Минск макулдашуусунан баш тартуу катары кабылдаган болчу.
Курал сатып алынып, карта чийилип...
АКШ менен Британияда дипломаттардын эвакуациясы боюнча окуя деле соңуна чыккан жок. Европалыктар жактырбай койду. ЕБдин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелдин айтымында, эвакуацияга "кыпындай да зарылдык жок".
Ошентсе да батыш ЖМКлары менен саясатчылары аскерий "ажаандыгын" токтотпой жатышат. The Times "орустардын мизин кайтаруу үчүн" деп куралданууга бир нече миң долларын берген Киевдин 52 жаштагы тургуну Марина Жагло тууралуу жазды.
"Өмүрүмдө аңчылыкка чыгып көргөн эмесмин. Жоокерлердин кайсы мылтык жакшы деп сүйлөшүп жатканын угуп мен да сатып алдым. Эгер абал ошончо курчуса Киев үчүн согушабыз", — деген ал маегинде.
Ал эми Financial Times гезитинде "Россия блицкриг учурунда Киевди басып алмакчы" деген аталыш менен макала жарык көрдү. Даниянын DR басылмасы "Украина жөнөкөй 130 миң жарандан турган элдик кошуун түзүүдө. Россиянын "согуш коркунучуна жооп ушундай" экенин жазды. "Иш күндөрү Харьковдун 44 жаштагы тургуну Александр Крупский басмаканада иштесе, дем алышта мекенин коргоо үчүн формасын киет", — деп жазышууда журналисттер.
Алардын америкалык кесиптештери "жакын арада Украина үчүн Россия менен согушууга туура келерине" ишенип турушат. "Президент Байден Россия тараптан болчу кол салуудан кооптонуп Прибалтика менен Чыгыш Европага миңдеген жоокер жана аскердик кеме менен учактарды жөнөтүү тууралуу ойлонуп жатат", — деп жазды The New York Times.
Мындай абалга бирок баары эле макул эмес. "Биз эмне чындап эле стратегиялык мааниге ээ болбогон каяктагы бир Чыгыш Европа өлкөсү үчүн согушканы жатабызбы? Өз үйүбүздө эмне болуп жатканын билебизби? Акыл-эси ордунда болгон адам эч убакта мындайга барбайт", — деди Хантер Байдендин мурунку компаньону Тони Бобулински Fox News эфиринде сүйлөп жатып.
Баары аз келгенсип Вашингтон Россия менен каршылашуусуна Японияны да тартып, "Батышты капа кылбоого" чакырып жатканын өлкөнүн Sankei Shimbun басылмасы жазды. "Президент Байден менен премьер Кисиданын акыркы онлайн жолугушуусунда Украина боюнча антироссиялык фронтко катышууну активдештирүү башкы маселе болду", — дейт макаланын автору.
ЖМКлар "Украинага болчу чабуулдун" бир нече схемасын жарыялоого үлгүрдү. The Washington Post америкалык чалгын кызматына таянып бир нече фронт боюнча кол салуунун картасын чийген. Ал эми Bild гезити согуштук аракеттердин дароо эки вариантын сүрөттөп берген.
"Биздин буга эч кандай тиешебиз жок, болбойт дагы, кепилдик берем", — деди Хорватия президенти Зоран Миланович. Өлкө НАТОго мүчө экенине карабастан Россия менен Украинанын ортосундагы "чырга" кийлигишүү ниети жок. Эгер согуш оту тутанып кетсе, Загреб хорватиялык жоокерлердин бирин койбой мекенине кайтарат.
Болуп көрбөгөндөй санкция
Саясатчылар Россияны "буга чейин болуп көрбөгөндөй катаал санкция" менен коркутуусун улантууда. Даниянын тышкы иштер министри Йеппе Кoфоддун айтымында, Москваны 2014-жылкыга караганда кыйла оор чаралар күтүп турат.
Байден да SWIFT эл аралык төлөм системасынан четтетүү, россиялык банктарга доллар менен операция жүргүзүү сыяктуу боло турчу тоскоолдуктарды санап берген. Конгресске мыйзам долбоору жөнөтүлүп, кара тизмеге Россиянын жогорку даражалуу аткаминерлерин, ири бизнесмендерди, журналисттерди жана "Түндүк агым — 2" газ түтүгүн толугу менен киргизүү сунушталган.
Елисей сарайы азырынча дипломатияга ыктап турат. Франция президенти Эммануэль Макрон Украинанын чек арасындагы абалга тынчсыздануусун билдирип, кырдаалды жөнгө салууга чакырууда. Өз сунуштарын ал Германия федеративдүү республикасынын канцлери Олаф Шольц менен талкууламакчы. Париж менен Берлин "Норманд форматындагы" диалог тарабында.
26-январда Парижде Германия, Россия, Украина жана Франциянын саясий кеңешчилеринин жолугушуусу өттү. Москвадан ага президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары Дмитрий Козак катышты. Мындай форматтагы сүйлөшүү августтан бери жүрө элек болчу.
"Минск макулдашуусу барган сайын чайпалууда. Киев анын керектен чыгышы мүмкүн экенин айтып, эскирди деген. Эбак баш тартып койгондой элес калтырган, — дейт Эл аралык иштер боюнча россиялык кеңештин башкы директору Андрей Кортунов. — Бул жолугушуу Минск макулдашуусуна кайтууга, коюлган шарт-талапты аткарууга даярдыгын тастыктоо жана ошол эле учурда деэслакацияга жетүү аракети болду".
Маектештин пикиринде, согушка эч ким кызыкдар эмес: "Украина деле мындан жыргап кетпесин жакшы түшүнүп турат".
Вашингтон менен Лондон баягыдай эле Киевге курал-жарак жеткирүүдө. Жакында эле 90 тоннадан ашуун жүк келди. АКШ "мындан да көп берүүгө" даяр экенин жар салып жатат. "Норманд форматына" катышпаган Ак үй абалды турукташтырууга кызыкдар эмес шекилдүү. Бирок америкалыктар "чыңалууну дипломатиялык жол менен чечүүгө" умтулуп жатышат. Сөз менен...