БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Алтынбек Жумаев президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси болуп дайындалды.
Тийиштүү буйрукка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгонун администрациядан билдиришти.
Буга чейин президенттин маалымат саясатын Нурай Марс тескеп келген. Ал аталган кызматка 2021-жылдын май айында дайындалган болчу.