Радио

Сыдыков: Кыргызстанда 158 турак жай кооперативи катталган

Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков учурда өлкөдө 158 турак жай кооперативи каттоодон өтсө анын 30дайы активдүү иштеп жатканын айтты.
Sputnik
Турак жай кооперативи финансылык уюм же банк эмес. Ага адамдар өз ыктыяры менен кошулат жана кардар эмес, мүчө болуп эсептелет. Бул тууралуу Орозбек Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жарандар кооперативден үй аларда сөзсүз түрдө юридикалык кеңешти жакшылап угуусу зарыл.
"Турак жай кооперативдери тууралуу соңку учурда коомчулукта түрдүү пикирлер жаралууда. Аларды пирамидалык шылуундук аракет катары баалагандар же банктан, финансылык уюмдардан алган насыяларга окшоштургандар да бар. Чынында кооперативдер такыр башка багыттагы уюмдар. Мисалы, турак жай кооперативдери тууралуу айта турган болсок, мүчөлөрү жети адамдан ашкан кезде түзүлүп, Юстиция министрлигинен каттоодон өтөт. Ага жеке жактар менен катар эле юридикалык тараптар да мүчө боло алат. Баса белгилеп кетүүчү жагдай, өз үлүшүн кошуп, турак жай алууга белсенген адам бул жерде кардар эмес, мүчө укугуна ээ болот. Ал эми кооперативдерге алданып калбаш үчүн социалдык тармак же башка жактардан көргөн жарыяларга таянып эле каражатыңызды берип салбай, биздин министрликке кат жолдосоңуз биз 14 жумушчу күндүн ичинде ошол кооперативдин уставы камтылган толук документтеринин көчүрмөсүн сизге жиберебиз. Болбосо аймактарда ачылган акысыз юридикалык жардам бөлүмдөрүбүзгө кайрылыңыздар. Учурда республика боюнча мындай 34 жай кызмат көрсөтүүдө", — деди Сыдыков.
Ал мындан сырткары сайты аркылуу да юридикалык кеңештерди алса болорун кошумчалады.