БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Көмүр Бишкектин кайсы жерлеринде өз алдынча сатылып жаткандыгын мэриянын борбордук аппаратынын экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы Адилет Малдыбаев Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн "Бишкек мэриясынын бюджетин үнөмдөө жана инвестициялык долбоорлор" деп аталган брифингде айтып берди.
мэриянын борбордук аппаратынын экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы Адилет Малдыбаев
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Анын билдиргенине караганда, борбор калаанын бардык райондорунда көмүр саткан стационардык жайлар иштейт жана Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик бекитип берген баа коюлган. Бирок кымбат сатып жиберген жерлер да кездешүүдө.
"Көмүрдү өз алдынча кымбат саткан жерлер да бар. Бул негизинен Бишкек менен Чүй облусу, Сокулук менен Аламүдүн райондору чектешкен аймактарда болууда. Жол боюна жайгашып, кымбат коюп алышкан. Муниципалдык администрация, жергиликтүү аймактык башкармалык, монополияга каршы органдардын өкүлдөрү ал жерлерге барып, түшүндүрүү иштерин жасап жатышат", — деди Малдыбаев.
Ал жылытуу маалы башталып, баа көтөрүлгөндө Экономика министрлигине эки билдирүү жөнөтүлгөн соң кымбаттатууга чек коюлганын айтты.
"Бүгүн Бишкекте, тагыраагы, Свердлов жана Ленин райондорунда базалар бар. Ленин районунун эки жайында Кара-Кече кенинин көмүрү тоннасына 3 миң сомдон болууда. Мындан сырткары, бардык райондордо, анын ичинде Биринчи май аймагында көмүрдү мамлекет койгон баа менен саткан станционардык жерлер бар", — деп кошумчалады Малдыбаев.
Сууктун түшүшү менен Бишкек шаарында көмүр https://sputnik.kg/20191021/kyrgyzstan-komur-baa-1046024586.html кымбаттап, кээ бир базаларда тартыштык байкалды. Эл сатуучулар бааны көтөрүп жибергенин айткан. Октябрдын башында бийлик бааны кымбаттатууга 90 күнгө чейин чек койгон.