Оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков дүйнө чемпионатынан күмүш байге алды. Видео

Дүйнө биринчилиги Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп жатат. Кыргызстандын курама командасы жарышка үч балбанды алып барган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Кыргызстандык темир билек балбан Бекдөөлөт Расулбеков оор атлетика боюнча дүйнө чемпионатында түртүп көтөрүүдө экинчи орунду ээлеп, күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдирди.
Дүйнө биринчилиги Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп жатат. Бекдөөлөт 102 килограмм салмак категориясында ат салышты.
"Кыргызстандык спортчу жулкуп көтөрүү боюнча 167 килограммды, ал эми түртүп көтөрүүдө 217 килограммды багындырды. Ал эки түрү боюнча 384 упай топтоп, жалпы эсепте 4-орунга жетти. Ал эми түртүп көтөрүүдө экинчи, жулкуп көтөрүүдө тогузунчу орунду ээледи", — деп айтылат маалыматта.
Мелдешке дүйнөнүн күчтүү делген 432 оор атлетчиси катышууда. Анын 245и эркектер, ал эми 187си балбан кыз-келиндер. Кыргызстандын курама командасы жарышка үч балбанды алып барган.
Белгилей кетсек, оор атлетика боюнча курама команда улук машыктыруучу Өмүржан Молдодосов жана башкы машыктыруучу Камбар Токтоналиевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышып жатат.
Кыргызстандык армрестлинг спортчулары дүйнө чемпионатынан 3 медаль алышты