Пресс-борбор

Бийлик азырынча пенсиялык фонд түзбөй турган болду. Себеби

Бактияр Алиевдин айтымында, пенсиялык фондду түзүү үчүн алты мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө туура келет.
Sputnik
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Министрлер кабинети пенсиялык фонд түзүү планын токтотту. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев
Октябрь айында өкмөт башчылыкка талапкер жана президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Социалдык фонддун ордуна пенсиялык фонд түзүлөрүн билдирген.
Бийлик Соцфонддун функциясын эки органга — Пенсиялык фонд менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине өткөрүп берүүнү пландаган.
"Министрлер кабинети бул демилгени токтото турууну чечти. Себеби Соцфонд бул маселенин үстүндө иштей турган болсо убактысынын баары ошого кетип калат. Аталышын гана өзгөртүү үчүн нормативдик документтерди кайра иштеп чыгыш керек. Ошондой эле алты мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарыл", — деди Алиев.
Жогоруда саналган жагдайлардан улам маселени кароо токтотулганы белгиленди.