Пресс-борбор

Бишкекке 120 электробус алынат. Маршруттары

Электробуска тендер 14-15-ноябрь күндөрү жарыяланган, жыйынтыгы 14-январда чыгат. Алгачкы партияны 2022-жылдын жай-күз айларында алып келүү пландалып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Бишкек мэриясы менен Азия өнүктүрүү банкы (АӨР) 120 электробус жана аларды кубаттоочу инфраструктурага тендер жарыялады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги уюштурган брифингде Бишкек транспорттук башкармалыгынын юристи Улан Нажимудинов билдирди.
Бишкек транспорттук башкармалыгынын юристи Улан Нажимудинов
Тендер 14-15-ноябрь күндөрү жарыяланган, жыйынтыгы 14-январда чыгат. Алгачкы партияны 2022-жылдын жай-күз айларында алып келүү пландалып жатат.
Алына турган техниканын мүнөздөмөсү:
Мунун бардыгы 58,6 миллион доллар деп бааланууда. Анын ичинен 25,6 миллиону грант, калганы 32 жылга насыяга алынат.
"Биз долбоор боюнча "Улуттук электр тармактары" жана "Түндүк электр" ишканалары менен макулдаштык. Алар 8 мегаватт кубаттуулук бөлүп берет. Ошондой эле Азия өнүктүрүү банкынын сунушу менен коомдук транспорт үчүн "Жашыл коридор" тилкесин ачуу пландалууда. Алгач иш Киев көчөсүнөн башталат. Бул көчөдө коомдук транспортко тилке бар, бирок ойдогудай колдонулбайт. АӨР унаа токтотуучу жайларды, аялдамаларды курууга каражат бөлөт", — деди Нажимудинов.
Электробустар жүрчү маршруттар: