Климаттын өзгөрүшүн чагылдырып, дүйнөдө мыкты аталган сүрөттөр

Глазгодогу климаттын өзгөрүшү боюнча БУУнун конференциясында фотографтар арасында уюштурулган эл аралык Environmental Photographer конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталды.
Sputnik
Россиянын эң сырдуу жерлеринен өзгөчө 13 сүрөт
Бул жылы сүрөт сынагын испаниялык Антонио Арагон Ренунцио жеңип алды. Ал Ганадагы Афиадениигба жээгинде талкаланган үйдө уктап жаткан баланын сүрөтүн тарткан. Бул кадр Батыш Африка өлкөлөрүндө деңиздин деңгээли көтөрүлүп, миңдеген адамдар үйүн таштап кетүүгө муктаж болуп жатканы боюнча ойлонууга түртөт.
1 / 15
Конкурстун жеңүүчүсү сүрөтүн "Толкундун башталышындагы балдар" деген ат койгон. Аны менен Ганада океан суусунун деңгээли жогорулап, талкаланган үйлөрдүн арасында жаткан баланы көрсөткөн
2 / 15
Бул сүрөттө Мексикада балыкка салынган илмекке деңиз мышыгы түшүп калганы чагылдырылган
3 / 15
Индиялык Амаан Али жаштар арасындагы эң мыкты фотограф аталды. Ал Нью-Делиде өз үйүнүн жака белинде күйүп жаткан токойду өчүрүп жаткан баланы тарткан
4 / 15
"Умка-2021" экспедициясынын катышуучулары ак аюуну таразага тартып жатат
5 / 15
Кургап калган талаада чөп издеп жан далбастаган бир короо кой. Сүрөт Бангладеште тартылган
6 / 15
Кумдуу бороондун алдында келе жаткан баланын сүрөтү калыстарды таң калтырды
7 / 15
"Келечектеги жашоо чөйрөсү" номинациясында мыкты деп табылган сүрөт. Мында Италиядагы Панаро дарыясынын ташкыны чагылдырылган
8 / 15
Эне баласы менен атайын жерде балыкты кургатып жатат. Сүрөт Бангладеште тартылган
9 / 15
Бул сүрөттөр планетадагы экологиялык көйгөйлөрдү кабарлоо үчүн атайын калыстар тобу тарабынан тандалып алынган
10 / 15
Желим бөтөлкөнү кайра иштеткен заводдогу баланын сүрөтү
11 / 15
Крымдагы ылай вулкан. Сүрөттүн авторунун айтымында, аба ырайынын глобалдык жылышы мындай вулкандарды акырындык менен жок кылып жатат
12 / 15
Бул фотобиореактор — хлорелла, спирулин жана башка балырларды өстүрүүчү жабдык
13 / 15
Калыстар тобу Сандипани Чаттопадхьяйды сыйлады. Сүрөттө Индиядагы Дамодар дарыясында гүл ачкан балырлар. Кургакчылыктын айынан коркунуч жаралууда. Себеби дарыядагы тирүү организмдер гүлдөп жатканына байланыштуу аз кислород алып, өлүп калууда
14 / 15
Бала желимден жасалган предметтерди шаардын ар кайсы бурчунан топтоп фабрикага сатыш үчүн алып барат. Сүрөт Читтагонг шаарында тартылган (Бангладеш)
15 / 15
Пляждын жанында жайгашкан аквакультура