Бишкектеги "Алтын казына" ресторанында өрт чыкты. Видео

Жарыяланган кадрлардан имараттан кара түтүн чыгып жатканы көрүнүп турат. ӨКМ жалынды өчүрүү үчүн эки бригада жөнөп кеткендигин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Бишкекте Жибек Жолу менен Лермонтов көчөлөрүнүн кесилишинде тамактануучу жай өрттөнүп жаткандыгын ӨКМден кабарлады.
Алдын ала маалыматтар боюнча, "Алтын казына" рестораны күйүп жатат. Тилсиз жоону өчүрүү үчүн эки бригада жөнөп кеткендиги айтылды.
Жарыяланган кадрлардан имараттан кара түтүн чыгып жатканы көрүнүп турат. Жабыр тарткандар жана келтирилген зыян тууралуу азырынча маалымат түшө элек.