БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. УКМК өз милдетин аткарып, шек жараткан адамдардын телефондон сүйлөшүүлөрүн тыңшоого укуктуу. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров маалымат жыйын учурунда айтты.
Ага ЖМК өкүлдөрү эмне себептен атайын кызматтар тарабынан жарандардын сүйлөшүүлөрүн тыңшоолор болуп жатат деген суроо берди.
“Курал пайдалануу, бийликти басып алуу аракеттери боюнча сүйлөшкөндөр болуп жатканда УКМК эмнеге унчукпай карап отурушу керек. Мыйзам чегинде шек жараткан жарандарды тыңшаса болот. Эч бир себеби жок эле бир дагы адамды, журналистти эч ким тыңшабайт”, — деди Жапаров.
Ошондой эле андан күч органдарына суракка чакыруулар көбөйгөнү боюнча сурашты.
“Ар кандай туура эмес чакырыктар болсо, коопсуздук үчүн шектүүлөр суралышы керек. Бирок журналисттерге бул ыкма колдонулган жок. Мурда бийлик учурунда аткаминерлер менен соттошуп жүргөн журналисттер көп эле. Акыркы бир жылда ушундай болдубу? Мени каралагандарды Кудайга гана коюп жатам. Сотко берип, суракка чакыртпагыла деп айткам”, — деди президент.
Мындан тышкары, Жапаров бүгүнкү маалымат жыйында аны бир нече жалпыга маалымдоо каражаттары каралап келе жатат деген пикирин айтты.
Sputnik Кыргызстан иш-чараны тексттик трансляция аркылуу чагылдырып жатат.