Отурук жашоого көнүп, шаарлашып, болгон-бүткөн жашообуз соодага, кызмат көрсөтүүгө, пайда табууга абдан ылайыкташканы менен табиятыбыз салкынды самап, тоону эңсеп, бийикке умтулуп турганыбыз турган. Ошондой кыргыздын бири катары көч тууралуу ой жоруп отурам.
Тизгин жаяр
Кыймыл — тирүүлүктүн эң биринчи көрсөткүчү. Кылымдар бою козголбогон таш дагы жансыз дегенибиз менен бир оодарылып алмайы бар. Жер өз огунда жана Күндүн айланасында айланган сымал бүткүл он сегиз миң аалам айланып, жылышып кошулуп, тогошуп-бөлүнүп, көч жолун, көч сапарын улантат. Планеталар парадын элестете турган болсок кудум эле көч.
Көч — бул жаңылануу
Тирүүлүктүн үлгүсү катары кишизатында да жаңылануу болуп турмагы абзел. Кийимиң эскирсе жаңысын алган сымал жан дүйнөнү да, жашоону да жаңылап туруу түпкүлүктөн келе жаткан жол. Аны кандай жасашкан? Көч сапары менен. Сапар бул ойду тазартат, бойду тазартат, акылды тундурат. Ал эми көч — бул улуу сапар.
Көч аркылуу кыргыз жан дүйнөсүн жаңылаган, байыткан. Анткени мейкиндик, табият, кооздук, сулуулук жан дүйнөңдү тазалайт. Суу кечкенде боюңдагы, оюңдагы жаман нерселер тазаланат деп коюшат элдик билимде. Ал эми көчтө канча сууну кечерсиң.
Көч аркылуу жашоосун материалдык дагы, руханий дагы жаңылаган кыргыз. Материалдык жаңылоо жаңы кийим, жаңы конушка, жаңы үй же жаңы буюм-тайым же жаңы ат-көлүк менен болуп турган. Ал эми руханий жаңылануу бир конуштан экинчи конушка келүү менен эски таарыныч, эски ыза-муң, эски терс нерселерден арылууну шарттаган. Көчтө баратып сүкүт чалып, термелип, ой-боюн аруулаган, уюп-муюп, акылы тунган. Адамдык асылдыкка умтулган, балким, жеткен.
Көч — бул саякат
Көч — бул фешн (fashion)
Ушул мода көргөзүү түшүнүгү деле көчтөн улам келип чыкканбы дейсиң. Анткени ошол көчкө даярдык учурунда кийим маданияты биринчи орунда турган. Алыс сапар аттанганда жолду ката түмөн түр уруулардын аймагын аралап өтүшкөн. Баланчанын эли мындай экен деген кепке калбаш үчүн суусар тебетейин, жакшы ичигин эрлерине камдап, кундуз тебетей, кымкап тондорун, өкчөлүү өтүктөрүн кыздарына камдап, кундуз карматкан белдемчи, кундуз ичиктерин, кайкы элечек, күмүш чачпактарын байбиче энелерине камдап, кичинекей наристе, элгенчи кыздар, балдарга чейин жаңы, жарашыктуу кийимдерди аземдеп даярданышкан.
Көч келатат дегенде жолдогу айылдар тосуп чыгып, көч көркөмүнө көз талдырып, кооздукка, сулуулукка баа берип, жакшына кийинген бой жеткен кыздарды келин кылып алууга ниеттенип, байбиче сөөлөтүнө, эрлердин дөөлөтүнө, көчтүн шаңына термелип кала беришкен. Айтор, көч бул чоң көргөзмө, чоң фешн жумалыгы болгон десек жаңылышпайбыз.
Көч — бул коммуникация
Бараткан көчтүн көркүн карап, учурашып, ал-абал сурап, жүдөө болсо аяп, кооз болсо суктанып, чарчаңкы болсо конуп кетүүсүн, суусаңкы болсо токтоп өтүүсүн сунуштап, суусунун камдап, соёр малын даярдап жол тосуп туруу, жол тосуп чыгуу жолдогу айылдардын, конуш алган уруулардын милдети эле.
"Көч келатыптыр, баланчанын көчү экен" деген сөз угулганда тааныган, билген улуулар баланча аксакал менен учурашайын, баланча баатыр менен кан достугубуз бар эле түштөндүрүп коёюн, суу кечирип келейин, баланча кудабыз эле жандай чаап, ашуу ашырып келейин деп ойлонуп, камылга кылган. "Арыбагыла, көчүңөр көрктүү болсун, улооңордун бели бекпи" деп өтө сыпайы, аяр камкордугун билгизишкен.
Кыз жандап калган боз уландар болсо көчтүн көркөмүн арттырган кыздарды акмалашып көргөнүнө мас, батымдуусу бирин-экин сөз айтып тийишкенине мас.
Кыз тандап жүргөн жигиттер болсо алчыланган аргымакта ыңгыранып бараткан сулууну издеп убара. Ылайыгы келсе суусун сунуп, таанышканга куштар.
Ал эми жаш селкилер шааниси экиленген аргымагын минип, суусар тебетейин кийип менменсинген, анча-мынча баатырдыгы же чечендиги, мергендиги же эрдиги менен аты чыгып калган жигиттерге уялыңкы кыя багуу, көркөмүн көрүп, сөөлөтүнө баа берүү. Жеңесин колтуктай шыбырашуу.
Алыс-жакынды жолуктурган, сагынычтардын көксөөсүн сууткан, арзышкандарга үмүт берген, жактырышкандарды кыялданткан, саламын алик алган, жаңыны тааныштырган көч бул — байланыш, көч бул — коммуникация.
Көч — бул эс алуу
Той койнуна, суу боюна, көл жээгине, жайлоого, чет жерлерге ким-кимибиз жагдай шартыбызга жараша эс алууга барабыз. Түшүнүк, кабылдоолордун өзгөрүшүнө ылайык эс алуу десе көбүбүз шапар тээп, сайрандамайды түшүнөбүз.
Бул абалга алып келүүгө көч эң сонун шарт эмеспи. Тоолорду аралап, белдерди, ашууларды ашып, сууларды кечип, арууланып, тазаланганда, бир калыпта жүрүп отуруп ыргакка келип, термелгенде табият менен айкалышып, бүтүндүк менен жуурулушканда акылы тунуп, кишилик асылдыкка жетип келген кыргыз, эс алып кудайды таанып келген кыргыз.
Улуттардан улуу көч
Азыркы 200дөн ашык өлкөнүн, улуттардын, этностордун баары турганы турган жеринде, отурганы отурган жерде эле жаралып калган жок. Алардын көпчүлүгү оошуп-жылышып, чабышып, кырылып, качып-бозуп отуруп азыркы аймактарына ээ болуп калды.
Биздин замандын ІV кылымынан баштап VІІ кылымына чейин Чыгыштан Батышка карай улуттардын улуу көчү жүргөн. Муну Гунндардын улуу жортуулу деп да аташат. Гунндар өз жолунда учураган урууларды, элдерди же кошуп алып, же алдына салып кууп жүрүп отурган. Гунндардын жортуулунан коркуп Рим империясы дээрлик бардык колонияларын бошотуп, түпкү өз мекенине кайтса, герман элдеринин курамындагы англосакстар британ аралдарына кирип барып, андагы жергиликтүү кельттерди кыса баштаган.
Тизгин жыяр
Көрүнөө көч деп кереметине тамшанабыз. "Жол азабы - көр азабы" деп денебизди аяп, түйшөлткүбүз келбейт, камылгасы деп капчыгыбызга кайгы тартабыз. Бирок эл көрүү, жер көрүү, аң-сезимдик да, материалдык да жаңыланып туруу, төрт тарабыбыз төп болуп бышканда элге көргөзө билүү, өзгөрүү, узак сапарга аттануу, улуу көч жасоо колубуздан келе турган нерсе. Жер которуп кеткен кыргыз канча. Анткен менен сыртыбызды эле эмес ичибизди, жаныбызды ала жүрөлү. Эс алалы, саякаттайлы, туналы, кишилик асылдыкка умтулалы.