Бүгүн мектептер шаңга бөлөнүп, ак көйнөк кийип, ак бантик тагынган окуучулар билим берүү жайларынын айланасын көркөмдөдү.
Пандемиядан улам былтыр мектептерде салтанаттуу линейка өтпөй, төртүнчү чейрекке чейин көпчүлүк класстар онлайн окуган. Быйыл эпидемиологиялык кырдаал эске алынып окуу жылы 15-сентябрда башталды. Буга туристтик сезонду узартуу да себеп болгон. Салтанаттуу линейка ыр, бий, куттуктоолор менен коштолуп, андан соң окуучуларга тарбиялык саат өтүлдү.