Ошто таштандыны кайра иштетүүчү завод курулушу күтүлүүдө

"Biotrend Energy" компаниясынын адистери калаадагы таштанды полигонун көрүп, аны алты ай аралыгында толук иштөө мүмкүнчүлүгү жараларын билдиришкен.
Sputnik

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Ош шаарында таштандыны кайра иштетүүчү завод куруу пландалууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов Түндүк Кипрдын экономика жана энергетика боюнча вице-премьер-министри Эрхан Арыклы жана "Biotrend Energy" компаниясынын президенти Илхан Доган баштаган түркиялык делегация менен жолуккан.

"Анда Ош шаарына инвестицияларды тартуу, эки тараптуу кызматташуу туурасында сөз болуп, "Biotrend Energy" компаниясынын адистери калаадагы таштанды полигонун көрүп келишкен. Бир айдын ичинде завод куруу долбоорунун келишими даярдалып, андан соң алты ай аралыгында толук иштөө мүмкүнчүлүгү жараларын билдиришти", — деп айтылат маалыматта.

Жолугушуу "Ош шаарындагы таштандыларды кайра иштетүүчү заводду долбоорлоо жана куруу" инвестициялык долбоорун ишке ашыруу боюнча меморандумга кол коюу менен жыйынтыкталган.