Талибдер Кабулга кирерден мурун сүйлөшүү жүргүзүлүп жатканын айтышты

Өлкөнүн президенттик администрациясы Аль-Арабия телеканалына борбор шаар курчоого алынбаганын билдирди. Мурдараак согушкерлер Кабул университетин басып алганы айылган.
Sputnik

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. "Талибан"* кыймылынын жетекчилиги согушкерлерине Афганистандын борбору Кабулга кирбей турууну буюрду. Бул тууралуу тиешелүү булактарга таянып РИА Новости жазды.

Анда айтылгандай, талибдер эч кандай согушу жок эле шаарга кирүү боюнча өкмөт менен сүйлөшүү жүргүзүп жатат.

Өлкөнүн президенттик администрациясы Аль-Арабия телеканалына борбор шаар курчоого алынбаганын билдирди.

Буга чейин согушкерлер Кабул университетин басып алып, дагы ири чабуулга даярданып жатканы айтылган.

Кабул мамлекеттерди элчилерин тез арада чыгарып кетүүгө чакырды
Кабул өкмөттүк күчтөрдүн көзөмөлүндө турган калк жашаган акыркы ири калктуу аймак болуп турат.

Мурдараак талибдер Өзбекстан менен чектешкен Балх провинциясынын борбору Мазари-Шарифти жана өлкөнүн түндүгүндөгү бир катар ири шаарларды басып алганы айтылган. Мындан сырткары, согушкерлер эч кандай согушсуз эле Пакистан менен чек арадагы Нангархар провинциясындагы Желалабад аймагын ээлеп алышкан. Алар ошондой эле Афганистандын бардык чек ара бекеттерин көзөмөлгө алган.

Өлкөдөгү саясий туруксуз абал АКШ администрациясы 11-сентябрга чейин афган жеринен аскерлерди чыгарып кетүү убадасынан кийин курчуп жатат. 

*”Талибан” —  террордук уюм деп табылып, ага Россияда тыюу салынган