Олимпиадада нокаутка кеткен каратист алтын медалдын ээси болуп чыкты. Видео

Окуя каратэ боюнча беттештин финалында болгон. Ирандык спортчу эсин жоготуп койгондуктан аны залдан көтөрүп чыгышкан.
Sputnik

Ирандык каратист Саджад Ганджзаде күтүлбөгөн жерден Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында алтын медалга татыды. Бул тууралуу "Аль-Джазира" агенттиги жазды.

Ганджзаде 75 килограмм салмак категориясы боюнча кармашка чыккан. Финалда Сауд Аравиядан келген Тарек Хамеди менен беттешкен.

Олимпиададан кайсы өлкө канча медаль алды. КМШ боюнча рейтинг
Хамеди 4:1 эсеби менен алдыда келе жаткан болчу. Биринчи мөөнөттүн соңунда ал каршылашын башка тебем деп моюн жагына тийген. Ирандык спортчу эсин жоготуп койгондуктан аны көтөрүп алып кетишкен.

Ганджзаде эсине келгенде олимпиада чемпиону болгонун уккан. Себеби сауд аравиялык спортчу тыюу салынган ыкманы колдонгону үчүн оюндардан четтетилген.

"Эмне болуп кеткени так эсимде жок. Сокку алгандан кийин мени көтөрүп баратышканын сездим. Өзүмө келгенден кийин машыктыруучум "жеңдиң" деди. Жалпы жонунан ден соолугум жакшы. Бирок башым катуу ооруду. Медаль утканыма кубанычтамын. Бирок каршылашым үчүн дагы ичим ачышып турат", — деди Ганджзаде.

Ал сыйлык тапшыруу аземине катышууга жетишип калган.