БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жоголгон 29 жаштагы К.В. аттуу жаранды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, 15-июль күнү беш кишиден турган үй-бүлө Ала-Көл жайлоосунда эс алып жүрүп, К.В. аттуу кыз жоголуп кеткен. Акыркы жолу ал Каракол дарыясынын жанында болгону айтылат.
ӨКМ дайынсыз болуп жаткан кыз мурда айтылгандай Россиянын жараны эмес, казакстандык экенин тактады. Аталган үй-бүлө Россиядан келген, үчөө Россиянын жарандары.
15-июлда саат 22:30дар чамасында ӨКМдин нөөмөт бөлүмүнө адам жоголгону боюнча маалымат түшкөн. Белгиленген тартипке ылайык түндө издөө-куткаруу иштери аткарылбагандыктан таң атары менен издеп башташкан. Бирок турист кыз табылган эмес. Бүгүн дагы издөө иштерине 28 куткаруучу, Каракол жаратылыш паркынан беш кызматкер тартылган.